«Qatar News Agency» маалымат агенттигинин башкы директору Ахмед Саид Жабер Аль Румаихи мырза менен эки тараптуу жолугушуу болду

Январь 24, 2024 - 11:16
Январь 24, 2024 - 16:17
 0  39
«Qatar News Agency» маалымат агенттигинин башкы директору Ахмед Саид Жабер Аль Румаихи мырза менен эки тараптуу жолугушуу болду
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин Алтынбек Максутовдун «ЭКСПО-2023 Доха» жарманкесинин алкагындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө жана Катар мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрүнө карата Катар мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Катар мамлекеттик «Qatar News Agency» маалымат агенттигинин башкы директору Ахмед Саид Жабер Аль Румаихи мырза менен эки тараптуу жолугушуу уюштурулду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки мекеменин ишмердүүлүгү боюнча маалымат алмашышты, атап айтканда, Катар тарап Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн багыттары менен жакындан тааныштырды. Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктарынын бири текстти 20 тилдин бирине тез которуу, адамдын жүзүн автоматтык түрдө таануу жана жасалма интеллект аркылуу маалыматтын тактыгын текшерүү болуп саналат. Мындан тышкары, Агенттик жергиликтүү жана чет элдик маалымат агенттиктери менен 500дөн ашык эки тараптуу келишимдерге кол койгон, бул тиешелүү келишим мекеменин расмий сайтынан алынган бардык жаңылыктарды жайгаштырууга мүмкүндүк берет.
Министр Алтынбек Максутов Катар тарапка ишмердүүлүктөрү жөнүндө кеңири айтып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, бул жаатта тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.