Бишкекте Иран кино күндөрү өтүп жатат

Январь 23, 2024 - 16:13
Январь 24, 2024 - 16:13
 0  34
Бишкекте Иран кино күндөрү өтүп жатат
Бишкекте Иран кино күндөрү өтүп жатат
Бишкекте Иран кино күндөрү өтүп жатат
Бишкекте Иран кино күндөрү өтүп жатат
2024-жылдын 23-январында Бишкектеги "Манас" кинотеатрында Иран киносунун күндөрү расмий ачылды.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хосейн Ядегари мырза, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузару Тогани мырза, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Акжол Бекболотов куттуктоо сөзүн сүйлөп, дүйнөлүк кинематографияда Иран киносу өзгөчө орунга ээ экенин белгилеп, Ирандын атактуу кинорежиссерлорунун тасмалары белгилүү кинофестивалдарда байгелүү орундарды багындырып келгенин айтты. Ошондой эле мындай саамалыктар мындан ары да улантылып Иран мамлекетинин маданияты, каада-салты, жашоо образына кызыккан адамдар көп болоорунуна терең ишенем деп билдирди.
Иш чара Абас Асгаринин "Үмүт перишеси" анимациялык тасмасын менен башталды.
Белгилей кетсек, кино күндөрү 23-январдан 25-январга чейин өтүп, 2 сеанс менен 5 тасма көрсөтүлөт.
Бардык тасмалар "Манас" кинотеатрында акысыз, орус тилинде көрсөтүлөт.
Тасмалардын программасы менен буга чейинки посттордо таанышсаныздар болот.