Өлкөдөгү китепканалар, маданият үйлөрү жана китеп чыгаруу тармагы заман талабына ылайык иш алып баруусу керек

Февраль 3, 2024 - 11:00
Февраль 6, 2024 - 11:01
 0  80

Мындай пикир бүгүн, 3-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун жана Маданит маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарованын катышуусу менен жалпы китепкана иши, аймактардагы маданият үйлөрүнүн ишмердүүлүгү жана китеп чыгаруу иштерин жакшыртуу боюнча тешелүү тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында айтылды.
Анда аймактагы китепканаларды моделдик китепканага айландыруу, алардын иштөө концепциясын өзгөртүү, айыл маданиятын жандандыруу үчүн аймактардагы маданият үйлөрүн коомчулук көп барган комплекстүү мекемеге айландыруу жана китеп басып чыгаруу иштери боюнча долбоорлор тиешелүү тармактын адистери тарабынан сунушталды.
Талкуу учурунда түптөлүп калган китепкана ишин оптимизациялоо, аларды жаңы китептер менен камсыздоо жана шарт түзүп, заман талабына ылайыкташтыруу, ал эми райондордо маданий көңүл ачуунун чордону боло турган моделдик маданият үйүнүн концепциясын тиешелүү укуктук документтери менен иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле, китепканаларды тиешелүү адабияттар менен камсыздоо үчүн китеп басп чыгаруу иштери да талкууланды.
Жыйынга бир катар китепканалардын жетекчилери, маданият үйлөрүнүн өкүлдөрү, басма үйлөрүнүн жетекчилери катышып, тиешелүү пикирлер ортого салынды.