Маданият министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумуна кол коюлду

Февраль 19, 2024 - 18:16
 101

Маданият министри Алтынбек Максутовдун 17-18-февраль күндөрү Түркияга өткөн Этноспорт боюнча алтынчы форумунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын Төрагасы Билал Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Атап айтканда, Алтынбек Максутов Билал Эрдоганга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү жана жалпы эле Кыргызстандын салттуу спорт түрлөрүн колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Билал Эрдоган, “Кырчын этно шаарчасында”этноспорт программасы менен масштабдуу фестивалды өткөрүү буга чейинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага чоң таасир калтырганын белгилеп, мындай масштабдуу фестивалды “Кырчын” жайлоосунда үзгүлтүксүз өткөрүү Кыргызстандын визиттик карточкасы болуп кала берерин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.