Ысык- Көл облустук музыкалуу драма театры чыгармачылык сапар менен Бишкек жана Ош шаарына барат

Февраль 19, 2024 - 18:19
 0  63
Ысык- Көл облустук музыкалуу драма театры чыгармачылык сапар менен Бишкек жана Ош шаарына барат
2024- жылдын 29- февралдан баштап 4- мартка чейин Касымалы Жантөшев атындагы Ысык- Көл облустук музыкалык драма театры чыгармачылык сапар менен Бишкек жана Ош шаарына барат.
Чыгармачылык сапарда аталган театр труппасы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” спектаклин жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектаклин шаар тургундарына жана меймандарына тартуулайт.
Программа боюнча 29-февраль жана 1- март күндөрү спектаклдер Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында, ал эми, Ош шаарында Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында 3-4-март күндөрү сунушталат.
Белгилей кетсек, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры “Күн кармаган бала” спектакли менен 2023-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өткөн ART ORDO -2023 IX эл аралык театр фестивалында жана 2023-жылдын октябрь айында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштуурлган биринчи эл аралык театралдык фестивалда баш байгени жеңип алган.
Ал эми “Ак Кеме” спектакли 2023-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында өткөн “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалында баш байгенин бирине (кичи спектакль) ээ болгон.
Спектаклдер күнүнө эки жолу коюлат.