Алтынбек Максутов Бешинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча Алтынчы этноспорт форумунун катышуучуларына кайрылды

Февраль 19, 2024 - 18:21
 66
Алтынбек Максутов Бешинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча Алтынчы этноспорт форумунун катышуучуларына кайрылды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов 17-18-февралда Түркияда өткөн Этноспорттун алтынчы форумунун ачылышынын алкагында сөз сүйлөдү.
Министр өз сөзүндө Кыргызстанда этно спортту жайылтуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.
Анын мисалы катары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин базасында спорттун улуттук түрлөрүн изилдөөчү жана билим берүү практикасын жайылтуучу кафедралардын ролун белгилеп, 2023-жылы Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрүнүн толук спектрин жайылтууга багытталган комплекстүү мелдештерди кошкондо 50 ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлгөндүгүнө токтолду.
"Биздин милдет-этноспортту билим берүү системасына интеграциялоого багытталган программаларды иштеп чыгуу үчүн билим берүү мекемелери, спорт уюмдары ортосунда кызматташууга чакыруу. Бул кадамдар өсүп келе жаткан муундарды руханий-маданий жана дене-бой жактан өнүктүрүүдө Улуттук спорттун деңгээлин максималдуу пайдаланууга жана балдарыбыздын сергек келечегин камсыз кылууга мүмкүндүк берет",- деп кошумчалады Алтынбек Максутов.
Ошондой эле министр өз сөзүндө он жылдын ичинде Кыргыз Республикасы үч жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөндүгүн, Түркия Республикасында өткөн Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Казакстан Республикасында өтө турган Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып жатып, уюштуруу комитетине кыргыздын – “Ордо” жана “Алыш” оюндарынын киргизилишине ыраазычылык билдирүү менен, Казакстанда өтүүчү Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосуна “Көк-бөрү” жана “Кыргыз күрөшү” кирбей калгандыгына тынчсызданып төмөндөгүлөргө токтолду.
«Спорттун бул түрлөрү Кыргызстандын сыймыгы, калктын басымдуу бөлүгү арасында өтө популярдуу. Дүйнө элинин улуттук, салттуу спорт түрлөрү менен бирге кыргыз элинин арасында өзгөчө патриоттук сезимдерди ойготуп, башка өлкөлөрдүн салттуу жана улуттук спорт түрлөрү менен бир катарда, өз элинде өзгөчө сыймыктануу сезимин пайда кылып келет. Ушуга байланыштуу “Көк-Бөрү жана “Кыргыз күрөшү” мелдештерин, оюндардын спорттук программасына киргизүүнү колдоого чакырабыз”, - деп баса белгиледи.