Москва шаарында заманбап кыргыз жомогу «Саадак какты» спектаклинин көрсөтүлүшү болду

Октябрь 21, 2024 - 14:55
Октябрь 25, 2024 - 14:56
 9
Москва шаарында заманбап кыргыз жомогу «Саадак какты» спектаклинин көрсөтүлүшү болду
Москва шаарында заманбап кыргыз жомогу «Саадак какты» спектаклинин көрсөтүлүшү болду
Москва шаарында заманбап кыргыз жомогу «Саадак какты» спектаклинин көрсөтүлүшү болду
2024-жылдын 21-октябрында Россиянын Кичи театрынын сахнасында Бексултан Жакиевдин чыгармасы боюнча Бишкек шаардык Арсен Умуралиев атындагы драма театрынын “Саадак какты” аттуу спектакли ийгиликтүү көрсөтүлдү.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият күндөрүнүн алкагында өттү. Москванын театр искусствосунун баалочулары кыргыз актерлоруна таазим этишти.
Спектаклдин режиссёру – Санкт-Петербург театр академиясынын Геннадий Тростянецкий устатканасынын бүтүрүүчүсү Уланмырза Карыпбаев. Сценограф жана костюмдардын сүрөтчүсү – Зухра Мукамбетова. Пластика боюнча режиссёр – А. Ваганов атындагы Хореография академиясынын бүтүрүүчүсү Алина Мамбеталиева.