Марат Тагаев Алыкул Осмоновго арналган китептин бет ачарына катышты

Декабрь 11, 2024 - 09:41
Декабрь 13, 2024 - 09:46
 20
Марат Тагаев Алыкул Осмоновго арналган китептин бет ачарына катышты
Марат Тагаев Алыкул Осмоновго арналган китептин бет ачарына катышты
Марат Тагаев Алыкул Осмоновго арналган китептин бет ачарына катышты
Марат Тагаев Алыкул Осмоновго арналган китептин бет ачарына катышты
Бүгүн, 11-декабрда, А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада улуу кыргыз акыны жана драматург Алыкул Осмоновго арналган “Алыкул – Ата журттун акыны” аттуу китептин бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышты. Ал өз сөзүндө улуу калемгерлердин мурасын сактоонун маанилүүлүгүн жана анын жаштардын руханий өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп өттү.
Иш-чаранын журүшүндө акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу тематикалык презентация тартууланып, адабий-театралдык постанока көрсөтүлдү. Ошондой эле Алыкул Осмоновдун тексттерине жазылган ырлар жаңырып, катышуучулардын жүрөгүн толкутту.
Адабий кечеге жазуучулар, акындар, коомдук ишмерлер жана акындын чыгармачылыгын сүйгөндөр катышып, иш-чара жарык маанайда өттү.
Марат Тагаев мындай демилгелердин мындан ары да уланып, жаштардын улуттук маданият менен болгон байланышын бекемдөөгө чоң салым кошоруна ишеним билдирди.
***********************