Эдиль Байсалов “Куйручук” балеттик спектаклинин премьерасына катышты

Декабрь 11, 2024 - 09:45
Декабрь 13, 2024 - 09:46
 19
Эдиль Байсалов “Куйручук” балеттик спектаклинин премьерасына катышты
Эдиль Байсалов “Куйручук” балеттик спектаклинин премьерасына катышты
Эдиль Байсалов “Куйручук” балеттик спектаклинин премьерасына катышты
Эдиль Байсалов “Куйручук” балеттик спектаклинин премьерасына катышты
Эдиль Байсалов “Куйручук” балеттик спектаклинин премьерасына катышты
Эдиль Байсалов “Куйручук” балеттик спектаклинин премьерасына катышты
Бүгүн, 11-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында К. Молдобасанов жана Г. Окуневдин «Куйручук» балеттик спектаклинин премьерасы болуп өттү. Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор жана кыргыз балетинин улуу чебери Уран Сарбагышевдин 90 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралардын башталышы болду.
Спектаклге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, ошондой эле маданият ишмерлери жана искусствонун күйөрмандары катышты.
Эдиль Байсалов өз сөзүндө Уран Сарбагышевдин балет искусствосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, анын тарыхый мурасы кыргыз балетинин кайра жаралуусунун символу экенин айтты:
“Балет – бул жөн гана искусство эмес, ал улуттук маданияттын жана руханий аң-сезимдин маанилүү бөлүгү. Уран Сарбагышев сыяктуу улуу чеберлердин аркасында Кыргызстан өзүнүн маданий салттарын сактап, өнүктүрүп келет. Биз жаңы муундун артисттерин шыктандырып, аларды колдоону улантышыбыз керек”.
Министрлер Кабинетинин орун басары ошондой эле маданият менен искусствого мамлекеттик колдоо көрсөтүү улуттук өзгөчөлүктү жана коомдун руханий өнүгүүсүн бекемдөөнүн маанилүү бөлүгү экендигин баса белгиледи.
К. Молдобасанов жана Г.Окуневдин “Куйручук” спектакли көрүүчүлөр үчүн чыныгы белек болду. Постановка кыргыздын салттуу мотивдерин жана классикалык балеттин кооздугун айкалыштырып, көрүүчүлөрдү суктандырып, улуттук искусствонун өзгөчөлүгүн көрсөттү.
Уран Сарбагышевдин 90 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар улантылат. Алардын эң маанилүүсү 15-декабрь күнү Гала-концерт өтөт. Концертке алдыңкы балет солисттери жана "Улуу Элес" I-Эл аралык балет артисттеринин конкурсунун лауреаттары менен дипломанттары катышат.