23-декабрда Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын аткаруусунда “Маңкурт”спектакли коюлду. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев жана Азербайжан Республикасынын маданият министринин орун басары Мурад Фарид оглы
Гусейнов катышты.
Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан менен Азербайжандын маданий алакасынын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай иш-чаралар Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу жазуучулардын мурасын сактоого жана жайылтууга, эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого өбөлгө түзөрүн айтты. Ошондой эле, ал азербайжандык кесиптештерине жогорку деңгээлдеги спектакль үчүн жана кыргызстандыктарга пантомима театрынын өзгөчө жанры менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
“Маңкурт” спектакли Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн”романынан алынган мотивдерге негизделген психопластикалык спектакль болуп эсептелет. Анын режиссёру – Джейхун Дадашев, ал эми пластикалык чечимдерди Азербайжандын эл артисти Бахтияр Ханы-заде иштеп чыккан. Спектакль манкуртташуу – адамды эс-тутуму менен эркинен ажыратып, кулга айландыруу процесси тууралуу терең ой жүгүртөт. Бул чыгарма аркылуу заманбап коомдо маданий тамырлар менен өзгөчөлүктөрдү жоготуу коркунучтары көркөм образдар аркылуу чагылдырылган.
Белгилей кетсек, бул спектакль 2014-жылы биринчи жолу көрсөтүлгөн. Ал эми 2018-жылы Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык фестивалда коюлуп, ошол кезде Азербайжандын эмгек сиңирген артисти Мехрибан Ханларова “Эң мыкты аял ролу” үчүн сыйлыкка ээ болгон.
Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын гастролдору Кыргызстанда 2024-жылдын 23-24-декабрь күндөрү өтөт. Коноктордун спектаклдерин Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрында көрүүгө болот.
Мындай иш-чаралар мамлекеттер ортосундагы маданий байланыштарды чыңдап, эл аралык маданий диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө дагы бир ирет мүмкүнчүлүк түзөрүн көрсөтүүдө.