Бишкекте Борис Щукин атындагы театр институтуна абитуриенттерди тандап алуу сынагы өтүүдө

Январь 16, 2024 - 10:32
Январь 17, 2024 - 10:33
 133
Бишкекте Борис Щукин атындагы театр институтуна абитуриенттерди тандап алуу сынагы өтүүдө
Бишкекте Борис Щукин атындагы театр институтуна абитуриенттерди тандап алуу сынагы өтүүдө
Бишкекте Борис Щукин атындагы театр институтуна абитуриенттерди тандап алуу сынагы өтүүдө
Бүгүн, 16-январда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Москвадагы Борис Щукин атындагы театр институтуна кабыл алуу сынагы башталды.
Сынак эртең, 17- январда да улантылат. Сынакка катышкандар "актердук чеберчилик" жана "театр режиссурасы" адистиги боюнча комиссиянын сынынан өтүшүүдө. Бүгүнкү өткөн сынакка жалпысынан 30 га жакын абитуриент катышты.
Келечекте искусство тармагынын адиси болууну каалаган жаштарды тандап ала турчу комиссиянын курамы менен тааныштырсак Олег Пышненко-Борис Щукин атындагы театр институтунун режиссура кафедрасынын доценти, Владимир Логвинов- Борис Щукин атындагы театр институтунун актердук чеберчилик кафедрасынын улук окутуучусу, А. Качкынбек кызы- театр жана кино актрисасы, театр режиссеру, Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайынын “Кыргыз студиясынын” мугалими, И. Жунусов- театр жана кино актеру, режиссер, У. Омуралиев-театр жана кино актеру, режиссер, “Россиянын театралдык искусство институтунун кыргыз студиясынын куратору.
Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандыктар үчүн россиялык жогорку окуу жайларга тапшырууга Россия Федерациясынын Өкмөтү атайын квота бөлгөн.
Анын ичинде чыгармачылык багыттагы окуу жайларга тапшырууга да орундар каралган.