БИШКЕКТЕ «МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУК ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ КОНТЕНТ» АТТУУ ТРЕНИНГ ӨТТҮ

Октябрь 1, 2025 - 17:18
 11

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде 2025-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган Медиамектеп долбоорунун алкагында «Маалыматтык коопсуздук жана жоопкерчиликтүү контент» аттуу тренинг болуп өттү. Иш-чарага журналисттер, редакторлор, эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттар талкууланды:
• Экстремизмге жана терроризмге каршы туруу: ЖМК өкүлдөрүнүн кризистик кырдаалдарды чагылдыруудагы кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, маалыматты жайылтууда жоопкерчиликтүү мамиленин зарылдыгы (спикер – медиаэксперт Алмаз Исманов);
• Укук бузуулардын алдын алуу жана зордук-зомбулуктан коргоо: укук бузуулар менен күрөшүүдө коомдун жана ЖМКнын ролу, маалымат булагын коргоо жана киберкоопсуздук маселелери (спикерлер – Динара Сарногоева, КР ИИМдин Басма сөз кызматынын улук инспектору, жана Чолпон Назаркулова, КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполковниги);
• Балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо: балдардын укуктары жана үй-бүлөлүк коопсуздук тармагындагы азыркы чакырыктар, санарип доорундагы маалыматтык коргоо, ошондой эле баланы зомбулуктан жана эксплуатациядан коргоонун мыйзамдык жана практикалык аспектилери (спикер – Айдана Мыктыбекова, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин адиси).
Иш-чаранын соңунда жыйынтыктар чыгарылып, катышуучулардын суроолоруна жооп берилди. Министрлик бул темалар коомдун санариптешүүсү, маалыматтык коркунучтардын өсүшү жана журналисттердин жоопкерчиликтүү, кесиптик иш алып баруу көндүмдөрүн калыптандыруу зарылчылыгы шартында өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейт.