Бүгүн, 17-апрелде Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Жаңы ысымдар” X эл аралык студенттик спектаклдер фестивалы салтанаттуу түрдө жабылды. Аталган маданий иш-чара өлкөбүздүн жана чет өлкөдөн келген жаш театр таланттарын чогулткан өзгөчө чыгармачыл платформа болуп калды.
15-апрелде башталган фестиваль театр искусствосунун майрамына айланып, Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн театралдык окуу жайларынын студенттеринин талантын тааныткан аянтчага айланды. Ар бир спектакль - жаш таланттардын чыгармачыл изденүүсүн, кесипкөйлүккө болгон умтулуусун жана искусствого болгон сүйүүсүн чагылдырды.
Фестивалдын жабылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, театр ишмерлери, маданият өкүлдөрү, чет элдик коноктор жана театр өнөрүнүн күйөрмандары катышты.
Министр Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө бул фестиваль 2016-жылы республикалык деңгээлде башталып, бүгүнкү күндө эл аралык маданий диалог менен чыгармачыл кызматташуунун маанилүү аянтчасына айланганын белгиледи:
““Жаңы ысымдар” фестивалы жаш муунду искусствого тартып, сахна дүйнөсүнө жаңы үн, жаңы дем берип келет. Бул — чыгармачыл пикир алмашуунун, достуктун, маданий көпүрөнүн аянтчасы. Фестивалдын ар бир күнү жаңы идеялардын жаралышына, эл аралык алакалардын чыңдалышына өбөлгө болду. Кыргызстан бүгүн маданий чөйрөдө ачык жана ар тараптуу өнүгүүгө багыт алган өлкө катары чыга баштады”, — деп билдирди министр.
Ошондой эле, министр бардык катышуучуларга чыгармачылык кайраттуулук, искусствого болгон берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик жана эргүү каалады.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзу жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин демилгеси менен өткөрүлүп келет. Иш-чаранын негизги максаты – жаш актёрлор менен режиссёрлорду колдоо, театрдык билим берүү системасын өнүктүрүү жана эл аралык маданий кызматташууну бекемдөө.
2021-жылдан бери фестиваль эл аралык макамга ээ болуп, жыл сайын катышуучулардын географиясы кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө “Жаңы ысымдар” фестивалы дүйнөнүн булуң бурчунан келген чыгармачыл жаштарды бириктирип, достуктун, маданий ар түрдүүлүктүн символуна айланды.