Чынгыз Эсенгул Татарстан Республикасынын маданият министри Ирада Аюпова менен жолугушту

Сентябрь 19, 2024 - 10:06
Октябрь 2, 2024 - 10:06
 9
Чынгыз Эсенгул Татарстан Республикасынын маданият министри Ирада Аюпова менен жолугушту
Чынгыз Эсенгул Татарстан Республикасынын маданият министри Ирада Аюпова менен жолугушту
19-сентябрь 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жумуш сапарынын алкагында Татарстан Республикасынын маданият министри Ирада Аюпова менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки боордош өлкөнүн маданий байланыштары терең тамырларга ээ экенин белгилешип, маданият күндөрүн өткөрүү жалпы маданий, маалымат мейкиндигин бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтышты.
Ошондой эле жолугушууда ушул жылдын ноябрь айына пландалган Кыргызстан маданият күндөрүн Татарстанда өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери талкууланды.
Эске сала кетсек, 2024-2025-жылдары Кыргызстан менен Татарстан элдеринин ортосунда маданий байланыштарды чыңдоо жана спорт, маданият жаатында тажрыйба алмашуу максатында өз ара Маданият күндөрүн өткөрүү боюнча макулдашуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Миннихановдун 2024-жылдын башында болгон жолугушуусунда жетишилген.