Чыңгыз Эсенгул уулу: Куурчак театры Кыргызстан менен Башкортостандын маданий жашоосунда маанилүү орунду ээлейт

Сентябрь 19, 2024 - 14:02
Октябрь 2, 2024 - 14:03
 6

2024-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жумушчу сапарынын алкагында Башкортостан Республикасынын Башкыр мамлекеттик куурчак театрына барды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Башкортостан куурчак театрынын ортосундагы маданий байланышты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен чыгармачыл долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле эки элдин маданий мурасын байытуу максатында кызматташууну өнүктүрүү перспективалары да козголду.
Чыңгыз Эсенгул уулу куурчак театры Кыргызстандын жана Башкортостан Республикасынын маданий жашоосунда маанилүү орунду ээлей турганын баса белгилеп, мындай долбоорлор салттарды сактап, өнүктүрүү менен бирге элдердин ортосундагы маданий байланыштарды жана диалогду түзүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө турганын айтты.
Тараптар куурчак театрлары бир гана тажрыйба алмашпастан, маданий салттарды да алмашуу мүмкүн болгон биргелешкен спектаклдерди коюу идеясына токтолушту. Актерлор менен режиссёрлор үчүн мастер-класстарды өткөрүү, репертуар менен алмашуу, гастролдорду уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Өз кезегинде Башкыр мамлекеттик куурчак театрынын директору Альберт Имамутдинов бул иш сапар эки боордош элдин маданий кызматташуусунун жаңы баскычын белгилеген маанилүү окуя болгонун айтты.