Чыңгыз Эсенгул уулу Михаил Казиник менен маданий өнүгүү маселелерин талкуулады

Октябрь 25, 2024 - 09:36
Октябрь 30, 2024 - 09:38
 22
Чыңгыз Эсенгул уулу Михаил Казиник менен маданий өнүгүү маселелерин талкуулады
Чыңгыз Эсенгул уулу Михаил Казиник менен маданий өнүгүү маселелерин талкуулады
Чыңгыз Эсенгул уулу Михаил Казиник менен маданий өнүгүү маселелерин талкуулады
Чыңгыз Эсенгул уулу Михаил Казиник менен маданий өнүгүү маселелерин талкуулады
Чыңгыз Эсенгул уулу Михаил Казиник менен маданий өнүгүү маселелерин талкуулады
Бүгүн, 25-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу белгилүү шведдик музыковед, лектор, классикалык музыканы популяризациялоочу, скрипач жана пианист Михаил Казиник менен жолугушуу өткөрдү.
Чыңгыз Эсенгул уулу Михаил Казиникти жылуу кабыл алып, искусство жана маданият чөйрөсүндөгү кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Министрдин биринчи орун басары чыгармачылык дисциплиналарды окуу процессине интеграциялоого негизделген маданий-агартуу демилгелерин киргизүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Михаил Казиник өзүнүн «Келечек мектеби» концепциясы менен тааныштырып, анда искусство жана маданият билим берүү тармагында башкы орунду ээлерин белгиледи. Анын айтымында, музыка, адабият жана живопись аркылуу окуучулардын креативдүү ой жүгүртүүсүн, эмоционалдык интеллектин жана терең анализ жүргүзүү жөндөмүн өнүктүрүүгө болот.
Казиник жеке инсандын ар тараптуу өнүгүүсүн, математика жана философия сыяктуу предметтер менен искусствону айкалыштырып, окуучулардын дүйнөнү ар тараптуу көрүүгө жөндөмдүү жаңы муунун тарбиялоону баса белгиледи.
Казиниктин демилгелерин колдогон Чынгыз Эсенгул уулу өнүккөн инсанды калыптандыруу үчүн бул багыттын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун соңунда Чынгыз Эсенгул уулу Михаил Казиникке Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын ыйгарып, анын искусствону өнүктүрүүгө жана билим берүүдө жаңы ыкмаларды жайылтууга кошкон зор салымын белгиледи.