Эдиль Байсалов Париж-2024 Олимпиада жыйынтыктарын талкуулады

Октябрь 31, 2024 - 13:52
 23

2024-жылдын 30-октябрында, Дене тарбия жана спорт департаментинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун катышуусу менен спорттун Олимпиада түрлөрү боюнча федерациялардын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү менен маанилүү жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун негизги темасы Париж шаарында өткөн XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын курама командасынын жетишкендиктери жана кемчиликтери, ошондой эле өлкөнүн спорттук чөйрөсүн андан ары өнүктүрүү болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Париждеги Кыргызстандын курама командасынын ар бир мүчөсүнүн жеке ийгиликтери жана кемчиликтери терең талдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле, спорттук даярдыктын сапатын андан ары жогорулатуу, машыктыруучулук ыкмаларды өркүндөтүү жана келечекте ийгиликтерге жетүү үчүн керектүү шарттарды түзүү боюнча конкреттүү сунуштар киргизилди.
Эдиль Байсалов өз сөзүндө Олимпиада жыйынтыктарын жогору баалап, спортчуларыбыздын жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүсү үчүн бардык тармактардын тыгыз кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле, спорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жаш таланттарды издеп таап, аларды колдоо, каржылоону жакшыртуу жана спорттук инфраструктураны жаңылоо зарылчылыгын баса белгиледи.
Ошол эле учурда, жалпы дене тарбия жана балдар спорту маселелери да талкууланды. Балдар жана жаштар спортун колдоо өлкөнүн спорттук келечегин камсыз кылуунун эң негизги багыттарынын бири катары каралып, аны менен катар жалпы калк арасында дене тарбияны жайылтуу максаты коюлду. Бул дене тарбияга катышкан адамдардын санын көбөйтүп, жалпы коомдун ден соолугун чыңдоого жана жаш муундарды спортко тартууга шарт түзөт.
Жыйынтыгында, жолугушуунун катышуучулары Париж Олимпиадасынын ийгиликтеринен жыйынтык чыгарып, алдыдагы жылдарга багытталган конкреттүү кадамдар тууралуу макулдашты. Эдиль Байсалов мындан аркы аракеттер, стратегиялык пландар жана мамлекеттин спорттук потенциалын өнүктүрүү боюнча кеңири демилгелерди сунуштап, жалпы коомчулукту дене тарбия жана спортко тартуу иштерин дагы күчөтүү зарыл экендигин билдирди.