Бүгүн, 6-июнда “ЭКСПО 2025” дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү Япониянынын Осака шаарындагы “Ray Garden” күндүзгү улуттук залында кыргызстандык өнөр адамадарынын катышуусунда классикалык, элдик жана эстардалык жанрлардагы концерттик программасы тартууланды.
Маданий иш-чарада алгач расмий бөлүк орун алып, Япония мамлекетинин Коргоо министринин орун басары жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тарабынан куттук сөздөр айтылды.
Андан сон концерттик программа “Үркөр” ансамбли, “DBillions” тобу жана Эмил Ишен уулу биргеликте аткарган “Чексиздик” аттуу чыгарма менен башталды.
Концерттик программанын алкагында Камбар Календеров иштеп чыккан “Манас” эпосунун “Чоң казат” бөлүмү манасчы Нурбек Талантбековдун айтуусунда “Үркөр” ансамблининин коштоосунда жаңырып, фольклордук блок орун алды.
Ошондой эле аталган ансамблдин коштоосунда элдик ыр-күүлөр, фольклордук чыгармалар, япон элинин ырлары ырдалды. Алар Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманова, Ксения Стрельцова, Айсана Оморова, Данияр Нургазиев, Марат Жунушев тарабынан аткарылды. Алсак, Т. Сатылгановдун “Чайкама”, “Токтогулдун кербези”, Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсү чертилип, япон тилинде “Nada Sou Sou” аттуу ырын аткарган кыргыз ырчысы Гүлүм Касымбаева өз күйөрмандарын кубантты.
Классикалык балет чыграмаларынан үзүндүлөрдү Раманбек Бейшеналиев, Альбина Сатыналиева тартуулады.
Концерттин бөлүгү “DBillions” тобунун концерттик программасы менен уланды.
Кийинки бөлүк эстрадалык блок менен уланды. Республикалык жана эл аралык вокалдык конкурстардын жеңүүчүсү Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев, Айжан Нусувалиева жана өзгөчө үндүн ээси Каныкей өз өнөрлөрүн тартуулады.
Ошондой эле, программага ылайык “Дилбар” мода үйүнүн көргөзмөсү Саид Бекмуратовдун “Паризат” аттуу чыгармасынын коштоосунда өттү.
Маданий иш-чара “DBillions” тобунун “Welcome to Kyrgyzstan” (“Кыргызстанга кош келиңиз!”) аттуу ыр менен жыйынтыкталды.
Маданий иш-чара эртен, 7-июнда дагы уланат.