Гүлбара Абдыкалыкова Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциясына катышты

Октябрь 3, 2024 - 16:02
 11

Бүгүн, 3-октябрда И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде түркмөн элинин улуу акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нуры Голлиев, илим, маданият ишмерлери жана коомдук ишмерлер катышты.

 “Эки өлкөнүн эзелтеден терең тарыхый жана маданий байланыштар байланыштырып турат, алар өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн бекем негизи болуп саналат. Маданият эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоонун негизги элементи болуп саналат. Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын көп кылымдык тарыхын жана салттарын чагылдырган бай маданий мурастарга ээ. Бул маданий баалуулуктар өз ара пайдалуу кызматташуу жана достук байланыштарды чыңдоо үчүн бекем негиз болуп саналат” – деди министрдин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова.

Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына карата “Тандалмалар” аттуу ырлар жыйнагы (түркмөн тилинен которгон Кыргыз Республикасынын эл акыны Түгөлбай Казаков) жана “Мактымкулунун асыл баамдары” (“Magtymguly Pyragy - Durdane baamlari”) аттуу китептердин ачылышы болду.

Иш-чарада маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу маселелери, ошондой эле маданият жана илим тармагындагы мындан ары кызматташуунун келечеги талкуулды.
Аталган иш-чара Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болуп, эки элдин ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Конференциянын уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрилиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.