“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аталышындагы бир айлык окуу курсу аяктады

Октябрь 3, 2024 - 10:28
 10

Бүгүн, 2024-жылдын 2-октябрында Министрликтин кызматкерлери үчүн “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аталышындагы бир айлык окуу курсу аяктап, окуу курсуна катышкан кызматкерлерге тастыктамалар берилди.
Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана борбордук аппараттын кызматкерлери катышты.
Ошондой эле Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тарабынан мамлекеттик тилге кошкон салымы үчүн айрым кызматкерлерге Улуттук комиссиянын Ардак грамоталары жана төш белгиси тапшырылды.
Окуу курсу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тиешелүү буйругунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын колдоосу менен уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик органдарда иш кагаздарды жүргүзүүдө мамлекеттик тилге көңүл буруу зарыл экендиги жана мамлекеттик тилдин айланасындагы маселелер талкууланып, Маданияттын туу чокусу болгон нарктуулук жөнүндө кызматкерлер менен эркин маектешүү орун алды.