Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону алып жүрүүчү жеке аткаруучулар жана чыгармачылык топтор (аваздык-аспапчылык багытта) арасында 2025-жылдын 1-3-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда Дүйнөлүк “Рух санат” салттуу маданият жана музыка фестивалынын (мындан ары – фестиваль) алкагында эл аралык сынак өтөт.
Сынакка 18 жаштан жогору профессионал-музыканттар катыша алат. Чыгармачылык топтун (группанын) курамындагылар жеке аткаруучулар арасындагы сынакка катыша албайт.
Ошондой эле, фестивалдын алкагында “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, өнүгүү маселелери” аталышындагы эл аралык конгресс болот. Конгрессте-дүйнө элдеринин оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствосун таанууга жана жайылтууга, салттуу маданият аркылуу этностордун достугун бекемдөөгө, туризмди өнүктүрүүгө, искусствонун түрлөрү менен катар этномузыка жаатындагы илимий изилдөөлөр, долбоорлор үчүн аянтча түзүүгө багытталган баяндамалар жасалат.
Фестивалдын жүрүшүндө Маркет аянтча уюштурулуп, көргөзмөдө кол өнөрчүлөрдүн, музыкалык аспаптарды жасаган усталардын эмгектери, музыкалык студиялар жана технологиялар, өлкөлөрдүн музыкалык салттары чагылдырылат.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана “Кыргыздын салттуу музыкасы” коомдук фонду тарабынан негизделген.
Фестивалды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору уюштурууда.
Сурап билүү телефондору: +996 (507) 102 070, +996 (557) 102 070 (WhatsApp)