Кыргыз Республикасынынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү окумуштуу Жумамедель Иманкулов 77 жашында дүйнөдөн кайтты

Апрель 18, 2025 - 16:56
Апрель 18, 2025 - 22:16
 11
Кыргыз Республикасынынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү окумуштуу Жумамедель Иманкулов 77 жашында дүйнөдөн кайтты
Кыргыз Республикасынын архитектура тармагы чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, көрүнүктүү окумуштуу, архитектура илимдеринин доктору, профессор Иманкулов Жумамедель Жумабаевич бүгүн 2025-жылдын 18-апрелинде 77 жаш курагында күтүүсүздөн дүйнө салды.

Жумамедель Жумабаевич 1947-жылы 19-апрелде Бишкек шаарында (мурдагы Фрунзе) туулган.

Алгач 1974-жылдан тартып жумуш жолун баштаган. Ал өз эмгек жолунда Казань шаарындагы “Мурас жана заманбаптык” эл аралык илимий-методикалык журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү, “КМКТАУнун Жарчысы” илимий-мезгилдүү журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү, Бишкекбашкыархитектура муниципалдык ишканасынын шаар куруу кеңешинин мүчөсү жана акыркы жылдарда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институтунда директор жана директордун орун басары болуп эмгектенген.

Иш жолунда анын 87 илимий макаласы, 6 монографиясы жарык көргөн. “Кыргызстандын түштүгүнүн Монументалдык архитектурасы” китеби эл аралык деңгээлде таанылып, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен (2006), Архитекторлор бирликтеринин эл аралык ассоциациясынын (Москва, МАСА) диплому менен (2007), Кыргыз Республикасынын ардактуу архитектору (2018), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2019), Кыргызстан Архитекторлор союзунун, Эл аралык архитектура академиясынын (Москва ш.), Түрк дүйнөсүнүн архитекторлор жана инженерлер союзунун (Анкара), Тажикстан Архитекторлор союзунун, архитекторлор союздарынын Эл Аралык Ассоциациясынын (Москва ш.), Түркия архитекторлор жана инженерлер союзунун грамоталары жана дипломдору менен сыйланган жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, эл аралык жана Кыргыз уюмдарынын сертификаттарынын жана күбөлүктөрүнүн ээси.

Жумамедель Жумабаевич өмүрүн архитектура илимин изилдөөгө жана өнүктүрүүгө арнаган, терең талдоосу жана жаңычыл мамилеси менен айырмаланган анын эмгектери кыргыз архитектурасынын теориясына жана практикасына, Кыргызстандын архитектуралык мурасын реконструкциялоого жана реставрациялоого олуттуу салым кошкон инсан катары эсибизде калат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун оор кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун жалпы жамааты.