Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.А. Максутовдун Кыргыз Республикасынын Жаштар күнүнө карата куттуктоосу

Ноябрь 10, 2024 - 10:27
Ноябрь 11, 2024 - 10:28
 54
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.А. Максутовдун Кыргыз Республикасынын Жаштар күнүнө карата куттуктоосу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жаштары! Урматтуу достор!!!
Кыргыз Республикасынын жаш муунунун өсүп бараткан ролун эске алуу менен, жаштар саясатын андан ары өнүктүрүү максатында 2002-жылдан тартып 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын жыл сайын майрамдалуучу Жаштар күнү деп бекитилген.
Сиздерди Жаштар күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул майрам коомубуздун эң маанилүү социалдык тобу болуп эсептелген жаштардын энергиясын, жаратмандыгын жана түгөнгүс күчүн билдирет.
Дүйнө жүзү боюнча эӊ активдүү жана эӊ прогрессивдүү жарандар болуп, бул жаштар эсептелинет. Жаштардын билим алуу жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилегим келет. Дайыма өзгөрүп турган жана атаандаштык күчөгөн дүйнөдө билим жана көндөмдөр жаштардын ийгиликтүү келечегинин ачкычы болуп саналат.
Биздин жаштар биздин келечек, ошондуктан биз жаштарды колдоого алып, алардын демилгелерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүбүз зарыл. Азыркы учурда биздин жаштарды өнүктүрүүдө прогрессивдүү ыкмаларды колдонуп, потенциалын жогорулатуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Жаш жарандар биздин мамлекетти алдыга алып кетүүчү күч болушу керек.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык калктын жалпы санынын 35 пайызын 14 жаштан 35 жашка чейинки жараандар түзөт. Калктын үчтөн бир пайызы жаштар болгондугуна байланыштуу биз мамлекеттик жаштар саясатына өзгөчө көңүл буруубуз абзел.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштар мамлекеттик саясаттын ишке ашыруучу түздөн түз орган экендиги баарыбызга белгилүү.
Министрлик тарабынан жаштар саясаты чөйрөсүндө бир катар олуттуу ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын “Жаштар жөнүндө”, “Ыктыярчылык иш жөнүндө” Мыйзамдарын аткаруу максатында жаштардын демилгелерин колдоо, ыктыярчылык ишмердүүлүгүн жүргүзүү, жаш үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча ченемдик укуктук актылар демилгеленген.
Министрлик жаштарды колдоо боюнча бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын жана жаштардын потенциалын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жардам берерин белгилейм.
Кыргыз Республикасынын аймактарында дагы жаштарга өзгөчө көңүл бурулууда. Бардык керектүү жабдыктар жана техника менен камсыздалган жаштар борборлорун куруу жана ачуу аркылуу пайдалуу жана жагымдуу эс алуу, жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн шарттар түзүлүүдө.
Жаштар саясатын ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарда эселеп өстү, тактап айтсак 8 млн. сомдон 38 млн. сомго чейин жогорулады.
Урматтуу жаштар, урматтуу мекендештерим Кыргыз Республикасын келечекте алдыңкы, билимдүү, өнүккөн өлкө катары дүйнөгө таанытуу бул баарыбыздын, өзгөчө жаштардын ыйык милдети.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана өзүмдүн атыман баардык жаштарга жаратмандыкты, чыгармачылыкты жана бекем ынтымакты каалайм.
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу достор! Бул күн ар бириңиздер үчүн жаңы жетишкендиктердин жана ийгиликтердин башталышы болсун.
Майрамыңыздар менен кымбаттуу жаштар!