Министрдин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова Казакстанда өткөн Түрк маданияты жана мурасы фондунун Кеңешинин экинчи жыйынына катышты
7-февралда, Астана шаарынын Улуттук музейинде Казакстан Республикасынын төрагалыгы астында Түрк маданияты жана мурасы фондуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин Кеңешинин экинчи отуруму болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова катышты.
Жыйындын
негизги аспектиси – “Видение Тюркского мира - 2040”, TURKTIME жана башка стратегиялык документтерде чагылдырылган Түрк мамлекеттеринин башчыларынын тапшырмаларына ылайык, түрк маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана эл аралык аренада жайылтуу боюнча стратегиялык кадамдарды талкуулоо болуп саналат.
Ошондой эле, Фонддун 2025 жана 2026-жылдарга карата иш пландары каралды. Жыйындын жыйынтыгы боюнча түрк өлкөлөрүнүн маданий кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналган маданий мурастарды сактоо жаатында өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, эл аралык долбоорлорго жаңы дем берүү.
Фонддун экинчи кеңешинин жыйыны Казакстан Республикасынын маданият жана маалымат министри Аида Балаеванын төрагалыгы астында Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актота Раимкулованын, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин катышуусунда өттү.
Белгилей кетсек, Фонддун кеңешинин экинчи отурумунун алкагында бир катар коштоочу иш-чаралар өткөрүлдү:
1. 2025-жылдын 6-февраль күнү Казакстан Республикасынын Улуттук академиялык китепканасында Казакстандын мамлекеттик жана илимий ишмери, академик Дархан Кыдыралинин азербайжан, түрк, кыргыз тилдериндеги “Ташка жазылган тарых” китебинин бет ачары болуп өттү;
2. 2025-жылдын 6-февраль күнү Е. Рахмадиев атындагы Мамлекеттик академиялык филармониясында “TAMYR” түрк элдеринин музыкасынын концерти болуп өттү. Концертте “TURAN” фольклордук-этнографиялык ансамбли, “GULDER” ансамбли, Казакстан Республикасынын “САЛТАНАТ” мамлекеттик бий ансамбли, Казак улуттук К. Куанышбаев музыкалык драма театрынын жамааты катышышты;
3. 2025-жылдын 7-февраль күнү Казакстан Республикасынын Улуттук музейинде Казакстандагы Түрк маданияты жана мурасы фондунун “Дивани лугат ат – түрк” эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышы уюмга мүчө мамлекеттердин делегацияларынын жетекчилеринин катышуусу менен болду.