Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жеке маалыматтарын иштетүүнүн типтүү САЯСАТЫ

Февраль 14, 2025 - 19:30
Февраль 14, 2025 - 19:57
 17
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар  саясаты министрлигинин жеке маалыматтарын иштетүүнүн типтүү  САЯСАТЫ

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар 
саясаты министрлигинин жеке маалыматтарын иштетүүнүн типтүү 
САЯСАТЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул жеке маалыматтарды иштетүүнүн типтүү саясаты (мындан ары -
Саясат) Кыргыз Республикасынын “Жеке маалыматтар жөнүндө” 
Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткаруу максатында 
иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт 
жана жаштар саясаты министрлигинин (мындан ары - Кармоочу/Иштетүүчү) 
жеке маалыматтарды иштетүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин 
аныктайт.
2. Бул саясат жеке маалыматтарды иштетүүдө жеке маалыматтардын ээсинин 
укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган жана 
Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан автоматташтырылган режимде жана
автоматташтырылбаган режимде аткарылуучу бардык жеке маалымат 
операцияларына жайылтат.
3. Жеке маалыматтардын субъекттеринин негизги укуктары жана 
милдеттери:
1) Жеке маалыматтардын субъекттери төмөнкү укуктарга ээ:
- алардын Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан иштетилип жаткан жеке 
маалыматтары жөнүндө толук маалымат алууга;
- өздөрүнүн жеке маалыматтарына кирүүгө, анын ичинде Кыргыз 
Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамында 
каралган учурлардан тышкары, алардын жеке маалыматтарын камтыган 
каалаган жазуунун көчүрмөсүн алууга;
- эгерде жеке маалыматтар толук эмес, эскирген, так эмес, мыйзамсыз 
алынган же иштетүүнүн жарыяланган максаты үчүн зарыл эмес болсо, 
алардын жеке маалыматтарын тактоого, томолоого же жок кылууга;
- өз укуктарын коргоо үчүн мыйзамда каралган чараларды колдонууга, анын 
ичинде жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга 
кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке 
ашырууга.
2) Жеке маалыматтардын субъекттери төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кармоочуга/Иштетүүчүгө өздөрү жөнүндө гана ишенимдүү маалыматтарды 
берүүгө;
- Зарыл болгон көлөмдө жеке маалыматтарды камтыган документтерди 
иштетүү максатына берүүгө;
- Кармоочу/Иштетүүчүгө өздөрүнүн жеке маалыматтарын тактоо (жаңылоо, 
өзгөртүү) жөнүндө билдирүүгө.
4. Кармоочу/Иштетүүчүнүн негизги укуктары жана милдеттери:
1) Кармоочу/Иштетүүчү төмөндөгүлөргө укуктуу:
- жеке маалыматтардын субъектисинен ишенимдүү маалыматты жана/же 
жеке маалыматтарды камтыган документтерди алууга;
- субъект тарабынан берилген жеке маалыматтарды тактоого.
2) Кармоочу/Иштетүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- жеке маалыматтарды Кыргыз Республикасынын “Жеке маалымат жөнүндө” 
Мыйзамында белгиленген тартипте иштетүүгө;
- жеке маалыматтарды иштетүү боюнча жеке маалымат ээсинин 
кайрылууларын карап чыгып, арыз берилген учурдан тартып 7 күндөн 
ашпаган мөөнөттө жооп берүүгө;
- жеке маалымат ээсине өзүнүн жеке маалыматтарына акысыз кирүү 
мүмкүнчүлүгүн берүүгө;
- жеке маалымат ээсинин кайрылуусу боюнча жеке маалыматтарды 
актуалдаштыруу чараларын көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке 
маалыматтарды коргоону уюштурууга.
5. Кармоочу/Иштетүүчү жеке маалымат субъектиси коммуникациянын 
кандай гана формасында болбосун берген жеке маалыматтарды ушул 
Саясатка жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чогултат, 
колдонот жана коргойт.
2. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн көлөмү жана категориялары, жеке 
маалыматтардын субъекттеринин категориялары
6. Кармоочу/Иштетүүчү төмөнкү жеке маалыматтар субъктисин жеке 
маалыматтарын иштетет:
- Жарандар (арыз берүүчү);
- Подрядчы/жеткирүүчү/контрагент;
- Мамлекеттик жарандык кызматчы;
- Техникалык тейлөөчү персонал;
- Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынакка катышкан жарандар;
- Стажер;
- Башка Колдонуучулардын жеке маалыматтары менен иштөөгө түздөн-түз 
жооптуу адам (“Жеке маалыматтардын массивдерин кармоочунун (ээсинин) 
реестри” МС).
7. Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан иштетилген жеке маалыматтарга 
төмөнкүлөр кирет:
- жашаган жери;
- туулган жылы;
- туулган күнү;
- жеке идентификациялык номуру;
- кирешелер;
- туулган жери;
- телефон номуру;
- билими;
- паспорттун маалыматтары (серия, номуру, ким тарабынан жана качан 
берилген);
- аскердик наамы;
- кесиби;
- үй-бүлөлүк абалы;
- фамилиясы;
- аты;
- атасынын аты;
- электрондук почтасы;
- кызматы;
- кол тамгасы;
- эсеп номуру;
- эмгек акысы;
- маянасы;
- кызмат өтөгөн мөөнөтү;
- класстык чени;
- оорулардын коду;
- эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы;
- квалификацияны жогорулатуу жөнүндө тастыктаманын номуру;
- 3x4 фотосүрөт;
- мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар.
7.1. Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан иштетилүүчү жеке маалыматтардын 
атайын категорияларына төмөнкүлөр кирет:
- улуттук таандыктык;
- саясий көз караштар;
- медициналык мүнөздөгү маалыматтар.
8. Кармоочу иштетилип жаткан жеке маалыматтардын мазмуну менен 
көлөмүнүн жарыяланган иштетүү максаттарына шайкеш келишин камсыз 
кылат жана зарылчылык болгон учурда иштетүү максаттарына карата 
артыкчылыктуу болгон маалыматтарды жоюу боюнча чараларды кабыл алат.
9. Расалык же этникалык келип чыгуусун, улуттук таандыктыгын, саясий көз 
караштарын, диний же философиялык ишенимдерин ачыктаган, ошондой эле 
ден соолугунун абалына жана интим жашоосуна тиешелүү жеке 
маалыматтардын атайын категориялары Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан 
жүзөгө ашырылбайт / Кыргыз Республикасынын “Жеке маалымат жөнүндө” 
мыйзамынын 8-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Жеке маалыматтардын тизмеси жана жеке маалыматтардын 
субъекттеринин категориялары Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан кайра 
каралышы мүмкүн, ал эми өзгөртүүлөр ушул Саясатта милдеттүү түрдө 
бекитилип, жеке маалыматтардын субъекттерине ар кандай жеткиликтүү 
ыкма менен (расмий веб-сайт, жарыялоо, push-билдирүү, электрондук 
почтага билдирүү ж.б.) билдирилиши керек.
3. Жеке маалыматтарды чогултуунун максаттары
11. Жеке маалыматтар Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан төмөнкү алдын ала 
аныкталган жана мыйзамдуу максаттарда иштетилет:
- Колдонуучуга электрондук каттарды жөнөтүү аркылуу маалымдоо;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби 
жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу алкагында жооптордун даярдалышы;
- Ченемдик укуктук актыларга ылайык иш кагаздарын жүргүзүү;
- Ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипте 
Кармоочу/Иштетүүчүнүн иш кагаздарын жүргүзүү, кызматкерлерин жана 
стажерлорун эсепке алуу;
- Кармоочу/Иштетүүчүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө;
- Кармоочу/Иштетүүчүнүн кызматкерлеринин убактылуу эмгекке 
жөндөмсүздүгү менен байланышкан чыгымдарды өндүрүү;
- Жарандык-укуктук келишимдердин алкагындагы келишимдик укуктарды 
жана милдеттерди аткаруу жана көрсөтүлгөн кызматтарга, иштерге жана 
жеткирилген товарларга төлөм жүргүзүү;
- Кармоочу/Иштетүүчүнүн келүүчүлөрүн жана Кыргыз Республикасынын 
жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарына ылайык оозеки 
консультация алган субъекттерди эсепке алуу.
4. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн укуктук негиздери
12. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн укуктук негиздери 
Кармоочу/Иштетүүчү болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” 
Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби 
жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана 
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Жеке маалыматтарды иштетүүгө жеке маалымат ээлеринин макулдугу 
(2017-жылдын 21-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 759 
токтомуна ылайык);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 
22-январындагы № 1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик 
эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетторду даярдоо боюнча Жобону 
бекитүү жөнүндө” буйругу.
5. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн тартиби жана шарттары
13. Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан жеке маалыматтарды иштетүү 
төмөнкүдөй ыкмалар менен жүзөгө ашырылат:
- Аралаш.
14. Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан жүзөгө ашырылган жеке маалыматтарды 
иштетүү жеке маалыматтарды чогултуу, каттоо, сактоо, жаңылоо, 
топтоштуруу, бөгөттөө, өчүрүү жана жок кылуу максатында автоматтык 
каражаттар менен же андайсыз, ыкмаларына карабастан аткарылган бардык 
операциялар же операциялар топтомун өзүнө камтыйт. 
15. Жеке маалыматтарды иштетүү мыйзамдарда белгиленген жеке 
маалыматтарды макулдуксуз иштетүүгө уруксат берилген учурларды 
кошпогондо, Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан жеке маалыматтардын 
ээсинин макулдугу (мындан ары - Макулдук) алынган шартта жүзөгө 
ашырылат.
16. Жеке маалыматтардын ээлерин кабарлоонун ыкмалары:
- Жазуу түрүндөгү кабарлоо;
- Электрондук почта;
- Мессенджердин жардамы менен.
17. Жеке маалыматтардын ээси өзүнүн жеке маалыматтарын берүү жөнүндө 
чечим кабыл алат жана аны кагаз жүзүндө же Кыргыз Республикасынын 
мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга менен кол коюлган 
электрондук документ түрүндө берет.
18. Жеке маалыматтарды иштетүүнү токтотуунун шарты болуп жеке 
маалыматтарды иштетүүнүн максаттарына жетүү, жеке маалыматтарды 
жаңылоо, ошондой эле жеке маалыматтарды мыйзамсыз иштетүү фактысы, 
жеке маалыматтардын ээсинин арызы же сот актысы боюнча аныкталган 
учурлар саналат.
19. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн максаттарына жетүү үчүн 
Кармоочу/Иштетүүчү жеке маалыматтардын ээсинин макулдугу болгон 
учурда бул маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу, ал эми 
маалыматтарды алуучу тарап бул маалыматтардын купуялуулугун сактоого 
милдеттүү.
20. Жеке маалыматтарды иштетүүдө Кармоочу/Иштетүүчү жеке 
маалыматтарды аларга мыйзамсыз же кокустан кирип алуудан, жок 
кылуудан, өзгөртүүдөн, тосмолоодон, көчүрүүдөн, берүүдөн, таратуудан, 
ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка мыйзамсыз аракеттерден 
коргоо үчүн зарыл укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды 
кабыл алат же камсыз кылат.
21. Жеке маалыматтар аларды чогултуунун максаттарын аткаруу үчүн зарыл 
болгондон узак убакытка сакталбашы керек. Сактоо мөөнөттөрү жеке 
маалыматтардын ээсинин кызыкчылыгында же Кыргыз Республикасынын 
мыйзамдарында каралган учурларда гана узартылышы мүмкүн.
6. Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу, оңдоо, өчүрүү жана жок 
кылуу, жеке маалыматтарга жетүү боюнча субъекттердин сурооталаптарына жооп берүү
22. Жеке маалыматтар туура эмес болгон фактылар же алардын мыйзамсыз 
иштетилиши ырасталган учурда мындай жеке маалыматтар 
Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан чогулушунун, сакталышынын жана 
иштетилишинин мыйзамдуулугуна жараша актуалдаштырылууга, 
тосмолонууга же болбосо жок кылынууга тийиш же алардын иштетилиши 
тиешелүү түрдө токтотулушу керек.
23. Жеке маалыматтар туура эмес болгон фактылар же алардын мыйзамсыз 
иштетилиши боюнча жеке маалыматтардын субъекти түздөн-түз 
Кармоочу/Иштетүүчүгө же жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу 
мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.
24. Жеке маалыматтардын субъектисинин жазуу түрүндөгү суроо-талабы 
боюнча Кармоочу/Иштетүүчү төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен ал 
тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан жеке маалыматтардын иштетилүүсү 
жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү:
- Кармоочу/Иштетүүчү тарабынан жеке маалыматтардын иштетилүү 
фактысын ырастоо;
- Жеке маалыматтарды иштетүүнүн укуктук негиздери жана максаттары;
- Жеке маалыматтарды иштетүүнүн максаттары жана Кармоочу/Иштетүүчү 
тарабынан колдонулуучу ыкмалар;
- Кармоочунун аталышы жана жайгашкан жери, жеке маалыматтар массивин 
Кармоочу менен түзүлгөн келишимдин негизинде же мыйзамдын негизинде 
жеке маалыматтар берилиши мүмкүн болгон жеке маалыматтарга жетүү 
мүмкүнчүлүгү бар адамдар (кармоочунун кызматкерлеринен тышкары) 
жөнүндө маалыматтар;
- Жеке маалыматтардын тийиштүү субъектисине тиешелүү иштетилип 
жаткан жеке маалыматтар, алардын алынган булагы;
- Жеке маалыматтарды иштетүүнүн, анын ичинде аларды сактоонун 
мөөнөттөрү;
- Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу, тосмолоо жана жок кылуу 
маселелери боюнча жеке маалыматтардын субъектисинин укуктарын ишке 
ашыруунун тартиби;
- Ишке ашырылган же болжолдонгон чек аралык маалымат берүү жөнүндө 
маалымат;
- Ушул Саясатта жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 
башка маалыматтар.
25. Эгерде субъект суроо-талап кылынган маалыматка жетүү укуктарына ээ 
болбосо, анда ага мотивделген баш тартуу жөнөтүлөт.
26. Сактоо мөөнөтү бүткөндөн жана жеке маалыматтарды чогултуунун 
максаттары жетишилгенден кийин, алар эки жумадан кечиктирилбестен жок 
кылынышы керек. Жок кылуу акт менен ырасталат, анын көчүрмөсү жеке 
маалымат субъектисине анын жазуу түрүндөгү суроо-талабы боюнча 
берилиши мүмкүн.
7. Жыйынтыктоочу жоболор
27. Бул Саясатта чагылдырылбаган жеке маалыматтарды иштетүүгө 
тиешелүү бардык мамилелер Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү 
маалымат жөнүндө” Мыйзамынын жоболорунун негизинде жөнгө салынат.
28. Кармоочу/Иштетүүчү бул Саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. 
Өзгөртүүлөр киргизилген учурда актуалдуу редакция акыркы жаңыртуунун 
датасы көрсөтүлөт. Саясаттын жаңы редакциясы аны эркин жеткиликтүү 
жайгаштырган учурдан тартып күчүнө кирет, ал эми жаңы редакция 
жарыяланганга чейин кеминде 14 жумуш күн мурун пландалган өзгөртүүлөр 
жөнүндө маалымдоого милдеттүү.