Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI эл аралык кинофоруму өттү

Ноябрь 28, 2024 - 19:58
 19

27-ноябрда Ч.Айтматов атындагы Республикалык Кино үйүндө кинорежиссёр, документалист Клара Юсупжановага арналган Кыргызстан айым-режиссёрлорунун VI эл аралык Кинофорумунун ачылыш аземи болуп өттү.
Кинофорум Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынтек Максутовдун куттуктоо сөзү менен ачылып, артынан Клара Юсупжанованын өмүрү, бейнеси жана чыгармачылыгына арналган Тыныстан Темиржандын “Клара” аттуу тасмасы көрсөтүлдү.
Тасманын чыгармачыл тобу жана режиссёр менен көрүүчүлөрдүн ортосунда суроо-жооптор орун алды. Андан соң Клара Юсупжанова башкы ролду ойногон режиссёрлору Б.Абдылдаев жана Л.Гуревич болгон “Түштүк кызы” тасмасы көрсөтүлдү.