Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин жана Россия Өкмөтүнүн толук курамы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышты

Октябрь 20, 2024 - 13:38
Октябрь 25, 2024 - 13:39
 17
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин жана Россия Өкмөтүнүн толук курамы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышты
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин жана Россия Өкмөтүнүн толук курамы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышты
Москва шаарына (Россия Федерациясы) расмий сапар менен келген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого карата Россиянын Мамлекеттик академиялык чоң театрында уюштурулган Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземине катышты.
Ачылыш аземи Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун видео кайрылуулары менен башталды. Анда эки мамлекеттин лидерлери бул маанилүү окуя менен куттуктап, эки элдин ортосундагы маданий кызматташтык Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достугунун маанилүү аспектиси болуп кала берээрин жана тыгыз кызматташуусу мындан ары да бекемделээрин билдиришти.
Андан соң майрамдык кечеде Кыргызстандын жана Россиянын белгилүү чыгармачыл топтору жана аткаруучулары өз өнөрлөрүн тартуулады. Концерттик программага кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган “Манас” эпосунун үзүндүлөрү, этнографиялык-фольклордук “Камбаркан” ансамбли, фольклордук-этнографиялык “Ордо-Сахна” ансамбли, “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамбли сыяктуу бир катар топтор өз программаларын тартуулап, ошондой эле элдик ырлар, күүлөр жана бийлер көрсөтүлдү. Салтанаттуу кече “Кыргызстан-Россия” аттуу жаңы ыр менен жыйынтыкталды.
Маданий кечеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн толук курамы, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эки мамлекеттин жарандары жана маданият кызматкерлери чакырылган.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кремлдин музейлерине барды.