Кыргызстандын Маданият күндөрү Беларусь Республикасында башталды
Минск шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү старт алды. Салтанаттуу ачылыш азем Беларусь Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун көргөзмөсү менен башталды.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана
Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Валерий Громада куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Аталган иш-чара маданий кызматташтыктын маанилүү этабы болуп, Кыргызстандын уникалдуу көркөм мурастарын кенен элге тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.