Көңүл бургула, жаратуучулар!

Ноябрь 25, 2024 - 15:42
Ноябрь 27, 2024 - 14:59
 33
Көңүл бургула, жаратуучулар!
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте ЮНЕСКОнун колдоосу алдындагы (ИЧКАП) уникалдуу маданий туристтик продукт түзүү боюнча сынактын мөөнөтү катышуучулардын өтүнүчүнө байланыштуу боюнча узартылды!
Уникалдуу маданий туристтик продуктуну түзүү боюнча сынакка табыштамаларды берүүгө үлгүрүңүз! ✨
 Сынактын максаты: салттуу кол өнөрчүлүктү заманбап стиль жана рыноктун талаптары менен айкалыштырган оригиналдуу дизайндарды табуу.
 Башкы сыйлык: 200,000 сом! Ошондой эле мыкты чеберчилик үчүн сыйлыктар жана кызыктыруучу да сыйлыктар болот.
 Сынактын мөөнөтү:
• Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 18-декабрь, 2024-жылга чейин.
• Иштерди баалоо: 25-декабрь, 2024-жыл.
• ⁠Жыйынтыктарды жарыялоо: 26-декабрь, 2024-жыл (онлайн /СМС боюнча)
Талантыңызды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
 Конкурс тууралуу кененирээк маалымат шилтемеде