Маданият министри Алтынбек Максутов спортчуларга сыйлыктарды тапшырды
Бүгүн, 21-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Улуттук курама командалардын спортчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, алардын эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуу боюнча жетишкендиктерин белгиледи.
Министр өз сөзүндө: “Сиздердин жетишкендиктериңиздер — бул күч-аракеттин гана жыйынтыгы эмес, бүтүндөй өлкө үчүн сыймыктын белгиси. Сиздер профессионализм,
тартип жана туруктуулук аркылуу улуу максаттарга жетүүгө болот экенин көрсөттүңүздөр. Сиздердин жаштарга үлгү катары алдыга жылууга жана жаңы бийиктиктерди багындырууга түрткү бересиздер. Биз кыргыз спортун мындан ары да бекемдеп, бизди жаңы жеңиштер менен кубантасыздар ишенебиз!”
Сыйлыктарга ээ болгондор:
1. III даражадагы “Манас” ордени:
- Мунарбек Сейитбек уулу , бокс боюнча курама команданын мүчөсү. 2024-жылы Париж Олимпиадасындагы жетишкендиги өлкөдөгү боксту өнүгүшүнө зор салым кошкон.
2. Кыргыз Республикасынын “Ардак грамоталары”:
- Айболот Аманов, түрк күрөшү (ашыртмалы аба күрөш) боюнча курама команданын мүчөсү.
- Бахтияр Мирлан уулу, түрк күрөшү (ашыртмалы аба күрөш) боюнча курама команданын мүчөсү.
Министрлик спортчуларга спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн терең ыраазычылык билдирет. Алардын жеңиштери өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын бекемдеп, жаш спортчуларды жаңы жетишкендиктерге умтулууга шыктандырып келет.