Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды

Январь 25, 2025 - 15:53
Февраль 7, 2025 - 15:55
 20

23-январдан 25-январга чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, аймактагы маданият мекемелеринде жолугушууларды өткөрдү жана алардын абалы менен таанышты.
Жалал-Абад шаарында Т. Тыныбеков атындагы облустук филармонияга, Жалал-Абад маданият техникумуна, М. И. Глинки атындагы балдар музыкалык мектебине жана Жалал-Абад көркөм сүрөт мектеп-интернатына барды. Жолугушуу учурунда министринин орун басары аталган мекемелердин имараттарынын абалы, материалдык-техникалык базасы менен таанышып, кызматкерлер менен маектешти.
Мындан сырткары, Сузак райондук маданият бөлүмүнө, №1 Сузак айылдык балдар музыкалык мектебине, райондук китепканага жана маданият үйүнө да барып, алардын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу жана сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Тимурлан Ажымалиев мамлекеттик деңгээлде маданият тармагын өнүктүрүүгө жана анын кызматкерлерин колдоого чоң маани берилип жатканын белгиледи.
Министрдин орун басары быйыл, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү Жалал-Абадда өтө турганын жана аталган иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөрүүнү маанилүүлүлүгүн өзгөчө белгиледи.
Ошондой эле, Тимурлан Ажымалиев маданият мекемелеринин кызматкерлери көтөргөн көйгөйлөрүн чечүүдө министрлик этап-этабы менен жардам көрсөтөрүн айтты. Ал биргелешкен аракеттер менен материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана бардык маданият мекемелеринин иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүн болоруна ишенимин билдирди.