Маданият министрлигин кызматкерлерине коррупцияга каршы чаралар жөнүндө түшүндүрүлдү
Бүгүн, 23-январда Улуттук тарых музейинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Иш-чаранын негизги темасы мамлекеттик органдарда, анын ичинде министрликке караштуу уюмдарда коррупцияга каршы күрөшүү маселелери болду.
Жолугушуунун алкагында 2024-жылдын 31-декабрында кабыл
алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жаңы мыйзамдын жоболору кеңири түшүндүрүлдү. Мыйзам өлкө жетекчилигинин коррупцияга каршы саясатын ишке ашырууга багытталып, коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү жана аларды алдын алуу боюнча кошумча механизмдерди киргизүүнү карайт.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башчысы Алтынбек Максутов өз сөзүндө коррупцияга каршы күрөшүүдө министрликтин жана укук коргоо органдарынын биргелешкен ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал бюджеттик каражаттарды ачык-айкын пайдаланууну камсыз кылуу ведомствонун негизги милдеттеринин бири экенин айтты.
"Коррупцияга каршы күрөш—бул адилеттикти коргоо гана эмес, мамлекеттик ресурстарды сактоо да болуп эсептелет. Биздин милдет—бюджеттин ар бир сому натыйжалуу жана Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланылышын камсыз кылуу", — деп белгиледи министр.
Жолугушуу министрлик кызматкерлеринин коррупцияга каршы жаңы чаралар боюнча маалымдуулугун жогорулатууда жана алардын мыйзамдуулук менен ачыктык принциптерине берилгендигин бекемдөөдө маанилүү кадам болду. Министрлик бул багытта ишти улантып, УКМК жана башка укук коргоо органдары менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт.