Министр Алтынбек Максутов Кытай-Европа техникалык жана экономикалык кызматташтык ассоциациясынын (CEATEC) өкүлдөру менен жолугушту

Ноябрь 25, 2024 - 12:26
Ноябрь 28, 2024 - 12:28
 22

25-ноябрда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кытай-Европа техникалык жана экономикалык кызматташтык ассоциациясынын (CEATEC) аткаруучу төрагасы Уиллиам Лин менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун негизги темасы кинематография тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү болду. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, техникалык жана экономикалык байланыштарды чыңдоону, ошондой эле Министрликтин карамагындагы мекемелер жана ишканалар менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда министр Алтынбек Максутов мындай деп белгиледи:
"Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен маданий жана экономикалык байланыштарды бекемдөөгө умтулат. CEATEC сыяктуу уюмдар менен кызматташуу кинематография тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы горизонтторду ачат. Биз Кыргызстанга гана эмес, биздин эл аралык өнөктөштөргө да пайда алып келүүчү биргелешкен демилгелерди колдоого даярбыз."
Тараптар диалогду улантууну жана Кыргызстан менен Кытай-Европа техникалык жана экономикалык кызматташтык ассоциациясынын өнөктөштүгүн бекемдей турган конкреттүү долбоорлор боюнча иштөөнү макулдашты.