Бүгүн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын эмгек жамааты менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр театр жамааты туш болуп жаткан көйгөйлөр менен таанышты. Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, чыгармачыл долбоорлорду каржылоо,
кадрдык маселелер жана жаңы спектаклдерди коюу шарттары сыяктуу темалар көтөрүлдү.
Министр театр жамаатынын суроолорун кунт коюп укту, бардык суроолорго жооп берип, министрлик маданий мекемелерди ар тараптуу колдоого багытталган иштерди уланта берерин белгиледи. Ал улуттук театр искусствосунун салттарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн аракет кыларын убада кылды.
Жолугушуу ачык жана конструктивдүү маанайда өтүп, министрликтин чыгармачыл адистер менен диалог курууга болгон умтулуусун дагы бир жолу көрсөттү.