МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов киноиндустрияны өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү

Август 1, 2024 - 09:20
 17

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.
Кино тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жолугушууда актуалдуу маселелер жана тармакты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Тактап айтканда, кино тартуу үчүн павильон куруу, кыргыз киносун эл аралык аренада таанытуу, кыргыз тилиндеги анимация багытын өнүктүрүү, кино тармагына заманбап технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү маселелери каралды.
Эдил Байсалов ата мекендик кинематографияны колдоо жана кино тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи.
“Биздин кино “кыргыз кереметинин” улуу салттарын улантып, өлкөбүздүн алтын мурасы болушу керек. Жаңы доордо кыргыз киносу элди тарбиялоодо, улуттук аң-сезимди чыңдоодо чоң роль ойнойт. Мамлекеттик маанидеги орчундуу маселе – эне тилдеги контентти көбөйтүү зарыл. Айрыкча өсүп келе жаткан муундун дүйнө таанымын калыптандырууда негизги ролду ойногон көркөм тасмалар, мультфильмдер”, - деди Эдил Байсалов.
Жыйындын соңунда ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча тийиштүү ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.