Кечээ, 19-майда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Москва шаарындагы (РФ) М. С. Щепкин атындагы Жогорку театралдык институтунун бүтүрүүчүлөр тобу У. Шекспирдин "Ромео жана Жульетта" трагедиясын Ош шаарындагы көрүүчүлөргө тартуулоо менен чыгармачылык дебютун жасады.
"Ромео жана Жульетта" Уилям Шекспирдин өз карьерасынын башталышында жазган трагедиялык чыгармасы.
Спектаклде чыныгы сүйүүнүн күчү, үй-бүлөлүк кастыктын аянычтуу кесепеттери жана тагдырдын чексиз бийлиги баяндалат.
Спектаклдин соңунда аталган театрдын директору Керимбек Калыкулов, көркөм жетекчиси Топчубай Досбаев, спектаклдин режиссеру Валентин Афонин жана куратор-педагог Алайбек Тойчубеков сахнага чыгып, жаш таланттарды куттуктады. Алар актерлордун театрдагы өнөр жолуна чыгармачылык дем, бекем эрк жана ийгилик, алдыдагы сахнада жаратуучу эмгектеринде бийиктикке умтулууну каалады.
Спектаклди койгон режиссёр – Валентин Афонин