Театр оюн-зоок мекемелери үчүн гастролдорго чыгууга автоунааларды алуу пландалууда

Июль 6, 2024 - 10:58
Июль 6, 2024 - 18:59
 17
Театр оюн-зоок мекемелери үчүн гастролдорго чыгууга автоунааларды алуу пландалууда
Театр оюн-зоок мекемелери үчүн гастролдорго чыгууга автоунааларды алуу пландалууда
Театр оюн-зоок мекемелери үчүн гастролдорго чыгууга автоунааларды алуу пландалууда
Театр оюн-зоок мекемелери үчүн гастролдорго чыгууга автоунааларды алуу пландалууда
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жарым жылдын жыйынтыгына арналган коллегиясында өлкөдөгү театр оюн-зоок мекемелериндеги абал талкууланып, болуп жаткан ийгиликтер менен катар көйгөйлөр айтылды.
Анда: “Театр оюн-зоок мекемелеринин спектакль, концерттери жанданып, айрым учурларда аншлаг болгон учурлар бар. Эл аралык театр фестивалдарында башка өлкөлөрдүн мен деген театрлары менен атаандашып, баш байгелерди багынтууда. Спектакль жана концерттер борбордо гана эмес, аймактарда үзгүлтүксүз коюлушу кажет. Токтоп калган гастролдор жанданып, театрлар эл аралап баштады. Алдыда өлкөдөгү театр оюн-зоок мекемелерине атайын гастролдор үчүн авто унаа алып берүү каралып жатат”, - деп айтылды жыйында.
Ошондой эле, театралдык оюн-зоок тармагындагы башкаруу системасынын толук кандуу иштебей жаткандыгы айтылып, жаңы менеджментти колдонуу, көрүүчүлөргө жагымдуу шарт түзүп, мезгилдин агымына ылайык келген маркетингдик кадамдарды таштоо керектеги белгиленди.