Тимурлан Ажымалиев Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты

Декабрь 23, 2024 - 16:09
 7

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышып чыкты.
Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары театрды модернизациялоого жана актерлор менен көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган иштердин масштабын жогору баалады. Реконструкциянын алкагында көрүү залдарын толугу менен жаңыртуу, техникалык жабдууларды модернизациялоо жана кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу каралган.
“Бакен Кыдыкеева атындагы театр биздин маданий тарыхыбыздын маанилүү бөлүгүнүн бири болуп саналат. Биз бул театр заманбап талаптарга жооп берип, өзгөчө жаштар үчүн кызыктуу болуусу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Жаңыртылган театр жөн гана спектаклдерди коюу жайы эмес, ар бир адам искусство менен жакындан тааныша турган чыныгы маданий борборго айланат”, — деп белгиледи Тимурлан Ажымалиев.
Оңдо-түзөө иштери аяктагандан кийин, 2025-жылдын экинчи кварталында театр кайрадан өз эшигин көрүүчүлөргө ачат деп күтүлүүдө. Бул маданий турмуштагы маанилүү окуялардын бири болуп, Кыргызстанда театр искусствосунун өнүгүүсүнүн символу катары бааланат.
Эске салсак, Бакен Кыдыкеева атындагы театр 1929-жылы негизделген жана анын бай тарыхы бар. Биринчи башкы режиссеру Отунчу Сарбагышев болгон. Театрдын репертуары дайыма жаш көрүүчүлөргө багытталган, элдик жомоктор менен эпостордун негизиндеги пьесаларды коюу өзгөчөлүгү менен айырмаланып келген. Бүгүнкү күндө да театр өз салттарын улантып, өлкөнүн маданий мурастарына салым кошуп келет.