V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ат чабыш марафонуна күлүк аттарды тандоо өтөт

Июль 8, 2024 - 17:59
 23
V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ат чабыш марафонуна күлүк аттарды тандоо өтөт
2024-жылдын 16-20-июль күндөрү Чүй облусунда “Көчмөндөр жүрүшү” аталышындагы Республикалык ат чабыш марафону өтөт. Аралыгы 300 чакырымга созулган марафондо аттар күнүгө 75 чакырымды басып өтөт. Ат чабыштын башталышы «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинен башталат.
Негизги максат V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ат чабыш марафонуна катышуу үчүн аттарды тандоо, нукура кыргыз жылкыларынын тукумун жана алыскы аралыкка чуркоону жандандыруу жана жаштарды улуттук ат спортуна кызыгуусун арттыруу болуп саналат.
Талаптар:
- Марафондо кеминде эки адамдан турган командалар катыша алат;
- Командалар марага толугу менен келүүсү шарт. Командадан бир гана адам калса, анда бүт команда марафондон четтетилет.
- Марафонго катышуучу жылкылар 4 жаштан жана чабандестер 18 жаштан кем болбошу керек.
- Мелдеш башталганга чейин жана ар бир этап аяктагандан кийин да күлүктөр милдеттүү түрдө ветеринардык кароодон жана каттоодон өтүшү керек.
- Ветеринардык комиссия ден соолугуна байланыштуу атты мелдештен алып салууга укуктуу
Жалпы байге фонд 2 млн сомду түзөт, анын ичинен 1 млн. биринчи орун үчүн. Мыкты натыйжа көрсөткөн катышуучулар Казакстанда өтүүчү 500 чакырымдык ат чабыш марафонуна жолдомо алышат.
Каттоо мөөнөтү 2024-жылдын 15-июль саат 18:00 чейин болот.
Байланыш телефону: +996 706 55 35 44 (Жаныбек)
Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти.