Бүгүн, 17-апрелде Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Жаңы ысымдар” X эл аралык студенттик спектаклдер фестивалы жыйынтыкталып, калыстар тобунун чечими менен фестивалга катышкан чыгармачыл студенттер төмөнкүдөй орундага ээ болду.
“Мыкты спектакль” номинациясы:
Б. Бейшеналиева атындагы КУМИУнун студенттеринин “Кандуу той” спектакли. Режиссеру – Имаш Ажикул.
Б. Бейшеналиева атындагы КУМИУнун студенттеринин “Алдар көсө” спектакли. Режиссеру – Чыңгыз Замирбек уулу.
Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институтунун студенттеринин “Маанилер эшиги” спектакли. Режиссеру – Умид Расулов.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин “Бөрүнүн тилеги” спектакли. Режиссеру – Эльвира Караева.
Т. Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясынын студенттеринин “Кыз-Жибек” спектакли. Режиссеру – Фархат Молдогали.
Россиянын театралдык искусство институту-ГИТИСтин студенттеринин “Карышкырлар жана койлор” спектакли. Режиссеру – Татьяна Морозова.
Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттеринин “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” спектакли. Режиссеру – Нофел Велиев.
“Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы” үчүн номинациясы:
Т. Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясынын студенти Хайролла Аймагаметге “Кыз-Жибек” спектаклиндеги Бекежандын ролу үчүн ыйгарылды.
“Аялзатынын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” номинациясы:
Россиянын театралдык искусство институту-ГИТИСтин студенти Ольга Сябренко “Карышкырлар жана койлор” спектаклиндеги Мурзавецкаянын ролу үчүн;
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын студенти Рахима Иманова “Саадак какты” спектаклиндеги Жан алгычтын ролу үчүн сыйланды.
“Экинчи пландагы эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” номинациясы:
Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институтунун студенти Искандар Омонов “Маанилер эшиги” спектаклиндеги неберенин ролу үчүн;
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын студенти Ренат Абдыкеримов “Келиндер козголоңу” спектаклиндеги Аскардын ролу үчүн сыйланды.
“Экинчи пландагы аялзатынын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” номинациясы:
Б. Бейшеналиева атындагы КУМИУнун студенти Жаңылай Темиркул кызы “Алдар көсө” спектаклиндеги Сейдененин ролу үчүн;
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын студенти Жумаида Пайзилдаева “Келиндер козголоңу” спектаклиндеги Саттинин ролу үчүн ыйгарылды.
Көркөм окуу багыты боюнча төмөндөгү театралдык окуу жайдын студенттерине Советбек Жумадылов атындагы сыйлык ыйгарылды:
Россиянын театралдык искусство институту-ГИТИСтин студенти Елизабета Польшина;
Б. Бейшеналиева атындагы КУМИУнун студенти Өскөнбай Касымбек уулу;
Т. Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясынын студенти Мирас Талгатбек;
Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайдын студенти Таттыбүбү Андабекова;
Б. Бейшеналиева атындагы КУМИУнун студенти Аделя Орозбаева;
Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институтунун студенти Мадина Аюбова;
Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенти Эмиль Гамидов.
“Мыкты театр сыны” номинациясы боюнча:
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Жаңылай Эгембердиева “Саманчынын жолу” спектаклине болгон сыны үчүн;
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Айдана Келдибекова “Карышкырлар жана койлор” спектаклине болгон сыны үчүн;
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Мээрим Курбанбекова “Карышкырлар жана койлор”, “Кыз-Жибек”, “Маанилер эшиги”спектаклдерине болгон сыны үчүн;
Т. Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясынын студенти Тойбек Жетписбаев “Кыз-Жибек” спектаклине болгон сыны үчүн;
Т. Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясынын студенти Дарья Гордиенко “Семейное дерево” спектаклине болгон сыны үчүн сыйланды.
“Драматургия” багыты боюнча:
Екатеринбург мамлекеттик театралдык институтунун студенти Ксения Бирюкова “Деду” пьесасы үчүн;
Т. Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясынын студенти Таласбай Лаззат Ганикызы “Звонок” пьесасы үчүн;
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Элнура Шабырбекова “Волна” пьесасы үчүн;
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Диана Жумабекова “Тишина выбирает” пьесасы үчүн;
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Самара Кадыркулова “Лицо без маски” пьесасы үчүн сыйланды.
“Мыкты дебют” номинациясы:
Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын алдындагы театралдык студиясынын студенттери “Асфальт үстүндөгү дарыя” спектакли үчүн; Режиссеру – Вячеслав Виттих.
Түркиядагы Мимар Синан атындагы искуссвто окуу жайынын студенттери “Доктор Фаусттун трагедиялуу окуясы” спектакли үчүн сыйланды. Режиссеру – Беркай Эрдоган.
“Мыкты эксперименти үчүн” номинациясы:
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Эльвира Караевага тапшырылды.
“Чыгармачыл жаштардын устаты” номинациясы:
Б. Бейшеналиева атындагы КУМИУнун окутуучусу Чыңгыз Замирбек уулуна ыйгарылды.
Белгилей кетсек, фестиваль 15-апрелде башталган. Ошол күндөн тарта Бишкек шаарындагы театрларда кыргызстандык жана чет элдик студенттик спектаклдер калыстардын сынына коюлуп, бүгүн жыйынтыгы чыгарылды.