ЖМК жана журналисттер арасындагы жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Декабрь 27, 2023 - 11:28
Декабрь 28, 2023 - 11:41
 0  113
ЖМК жана журналисттер арасындагы жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды
ЖМК жана журналисттер арасындагы жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды
ЖМК жана журналисттер арасындагы жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды
ЖМК жана журналисттер арасындагы жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды
ЖМК жана журналисттер арасындагы жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды
ЖМК жана журналисттер арасындагы жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды
Бүгүн, 27-декабрда Маданият министрлиги маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты жана этностор аралык мамилелер темаларын чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер арасында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземин өткөрдү.
Жеңүүчүлөрдү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов куттуктап, “мындан ары дагы дилгирлигиңер жана кесипкөйлүгүңор менен коомго кызмат кылып, элдин аң-сезимин жакшы нукка бурган, ынтымак-ырашкерликке чакырган, келечек муунга сабак болгон, үлгү кыла турган эмгектерди даярдап, кыргызды кыргыз кылып тааныткан анын маданиятын, искусствосун, нарк-насилин, тарыхын терендеп тааныта беришиңерге тилектешмин”-деп белгиледи.
Жеңүүчүлөрдүн сыйлоо аземи чакан концерттик программа менен коштолду.
Сынактык комиссиянын чечими менен аныкталган сыйлык ээлери:
Маданият тармагы боюнча:
- Маданият тармагын мыкты чагылдырган телерепортаждары үчүн УТРКнын кабарчысы Калыгул Асамбаев акчалай сыйлыкка;
- Маданият тармагын мыкты чагылдырган фоторепортаждары жана маалыматтары үчүн “Европейское пресс-фото агентствонун” кабарчысы Игор Коваленко атайын сыйлыкка;- - Маданият тармагын мыкты чагылдырган радиорепортаждары үчүн “Кыргыз радиосунун” кабарчысы Чынара Итигулова атайын сыйлыкка;
- Маданият тармагы боюнча гезит бетине чагылдырган макала, маектери үчүн “Ысык Көл кабарлары” гезитинин кабарчысы Шейшекан Жаналиевага атайын сыйлыкка ээ болду.
Маалымат тармагы боюнча:
- Мыкты жаңылыктар түрмөгүн даярдаганы үчүн НТС телеканалы акчалай сыйлыкка;
- Мыкты жаңылыктар түрмөгүн даярдаган үчүн “Азия ТВ” каналынын кабарчысы Зарема Жээналиева атайын сыйлыкка;
- Мыкты жаңылыктар түрмөгүн даярдаган үчүн “ЭлТР” каналынын кабарчысы Салабат Эркетаева атайын сыйлыкка.
Спорт тармагы боюнча:
- Спорт тармагын мыкты чагылдырган телерепортаждары үчүн “ЭлТР” каналынын кабарчысы Тилек Айталиев акчалай сыйлыкка:
- Спорт тармагын мыкты чагылдырган радиорепортаждары үчүн “Биринчи радионун” кабарчысы Эрмек Актанов атайын сыйлыкка;
- Спорт тармагын мыкты чагылдырган телерепортаждары үчүн “Жалал-Абад ТВ” каналынын кабарчысы Маматкадыр Маматалиев атайын сыйлыкка ээ болду.
Этностор аралык мамилелер тармагы боюнча:
- Этностор аралык мамилелер боюнча мыкты теле жана радиодо мыкты маектерди уюштурган үчүн “Биринчи радионун” баяндамачысы Дүйшөк Мамбетөмүров акчалай сыйлыкка;
- Этностор аралык мамилелер боюнча мыкты телекөрсөтүүлөрү үчүн “ЭлТР” каналынын кабарчысы Зыйнат Ибрайимова атайын сыйлыкка;
- Этностор аралык мамилелер боюнча мыкты телесюжеттери үчүн “ЭлТР” каналынын кабарчысы Жазгүл Сейдакматова атайын сыйлыкка ээ болду.