Акын Коргол Досу уулунун “Акындыкка арналган өмүр” аттуу атайын туруктуу экспозициянын ачылыш аземи өттү

Октябрь 1, 2024 - 09:17
Октябрь 2, 2024 - 09:17
 9

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова төкмө акын, чебер комузчу, элдик ырларды аткаруучу Коргол Досу уулуна арналган “Акындыкка арналган өмүр” аттуу тууруктуу экспозициянын ачылышына катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары, маданият ишмерлери жана Коргол Досу уулунун урпактары катышты.
Салтанаттуу ачылыш азем 1-октябрда Улуттук тарых музейинде өтүп, экспозицияда төкмө акындын өмүр жолуна жана чыгармачылык ишмердигине байланыштуу документтер, фотоматериалдар жана өздүк буюмдары коюлду.
Ак тандай акын, комуз өнөрүнүн бардык түрүн өздөштүргөн залкар талант, орошон чебер ырчы Коргол Досу уулу 1882 -жылы Кетмен-Төбөнүн Айыкты деген жеринде туулган. Атасы Досу айылдагы мыкты комузчулардын бири болгон. 1887-жылы атасы Корголду Ниязаалы Борошев комузчуга алып барып, шакирт кылып берет.
Корголдун комузчулук өнөрүнө Ниязаалы кандай устаттык кылса, ырчылык өнөрүндө тоо булбулу Токтогулдун таасири аябагандай зор болгонун акын өзү да өмүрү өткөнчө шакирттерине айтып жүргөн.
1936-жылы Коргол Фрунзе шаарына элдик талант катары чакырылып, Олимпиадага катышып, күү чертип, ырдап биринчи сыйлыкты жеңип алат.
1938-жылы устаты Токтогул Сатылгановдун 75 жылдык мааракесинде ырдап, Токтогулдун мурастарын калыбына келтирүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Коргол Досу уулу ак таңдай акын гана эмес бир эле мезгилде дастан, жомок айтуучу, жаратуучу жана мыкты аткаруучу да болгон. Өмүрүнүн акырына чейин колунан комузун түшүрбөй насаат ырларын ырдап, кызыл тилди кайраган залкар акын 1962 -жылдын 23 -майында дүйнөдөн өткөн.
Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Коргол Досу уулунун урпактары.