“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө

Июнь 13, 2024 - 18:10
 18
“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө
“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө
“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө
“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө
“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө
“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө
“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө
“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө
“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө
“Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө
Бүгүн, 13-июнда А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында “Алыкул фест” АРТ фестивалы башталды.
Иш- чарага атайын чакырылган расмий меймандар, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү А. Осмоновдун ырларынын күйөрмандары катышты.
Иш-чара алгач А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын алдындагы акындын эстелигине гүл коюу менен башталды.
Андан соң сүрөтчүлөр, скульпторлор союзунун кыл калемдеринин көргөзмөсү, А.Осмонов тематикасына арналган сүрөт көргөзмө, Улуттук китепкана тарабынан даярдалган акындын чыгармачылыгын изилдөөгө арналган сүрөт-китеп көргөзмөсү жана акындын музейи менен таанышуу болду.
Иш- чаранын алкагында А.Осмонов тематикасында даректүү тасма сунушталып, келген меймандар үчүн актер жана тасманы коючу топ менен жолугушуу уюштурулду.
Аталган иш-чара кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармаларын тектеш түрк элдерине жана кыргыз окурмандарына пропагандалоо, акындын өмүрү жана чыгармачылыгын кыргыз журтчулугуна кеңири тааныштыруу максатын көздөп бир катар сынактар менен коштолот.
Фестиваль 14- июнь күнү да аталган китепканада уланып, 15-июнь күнү акындын туулуп өскөн айылы Панфилов районундагы Каптал- Арык айылында жыйынтыкталат.