Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды

Декабрь 4, 2024 - 13:59
 25
Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды
Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды
Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды
Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесине ылайык, Алмаз Кулматов өлкөнүн эң байыркы жана маанилүү басылмалардын бири болгон “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды.  
Жаңы жетекчини жамаатка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев расмий тааныштырып, анын кесипкөйлүгү менен тажрыйбасын белгиледи. Ошондой эле, Алмаз Кулматовду башкы редактордун жеке иш бөлмөсүнө киргизип, гезитти өнүктүрүүдө анын салымы чоң болооруна ишенимин билдирди. Тагаев басылма салттуу баалуулуктарды сактоо менен бирге заманбап ыкмаларды колдонуп, кеңири аудиторияны тартат деп ишеним артты. Кыргыз тилинин көркүн ачкан публицистика, терең аналитика, сынчыл көз караш, курч материалдарды күтөрүн айтты.
“Кыргыз Туусу” гезити Кыргызстандагы маданий жана коомдук баалуулуктарды жайылтууда маанилүү роль ойнойт жана калыс, ишенимдүү маалымат булагы болуп келет.
Жаңы редактор тууралуу:
Алмаз Кулматов 1967-жылы төрөлгөн, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ал мамлекеттик түзүмдөрдө жана билим берүү тармагында чоң тажрыйбага ээ. Аткарган негизги кызмат орундары:
• Президенттик Аппараттын этностук жана диний саясат бөлүмүнүн башчысы (2016–2017);
• Вице-премьер-министрдин кеңешчиси (2015–2016);
• Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төраганын орун басары (2014–2015);
• Нарын шаарынын мэри (2008–2010).
Алмаз Кулматов 200дөн ашуун макалалардын жана илимий эмгектердин автору. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2019). Үй-бүлөлүү, үч кыздын атасы.