Улуттук филармонияда “Манас” эпосунун күнү белгиленди

Декабрь 5, 2024 - 09:30
Январь 11, 2025 - 09:31
 25

Бүгүн, 4-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз элинин улуу маданий мурасы болгон “Манас” эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, көрүнүктүү маданият ишмерлери, коомдук ишмерлер жана башка коноктор катышты.
Министр Алтынбек Максутов куттуктоо сөзүндө “Манас” эпосунун кыргыз элинин биримдигинин символу жана руханий мурастын байлыгы катары маанисин белгиледи. Ал эпос бүгүнкү күндө дагы актуалдуулугун жоготпогонун, улуттук салттарды сактоо жана маданиятты өнүктүрүү жаатында жаңы муундарды шыктандырып келе жатканын айтты.
“Манас эпосу — бул биздин байыркы тарыхыбыздын эстелиги гана эмес, ар бирибиз үчүн күч-кубат жана шыктануунун булагы. Ал элдерди бириктирет, бизди эрдикке, адилеттүүлүккө жана мекенге болгон сүйүүгө үйрөтөт. Биз бул улуу мурастын бүгүн дагы жашап жаткандыгына сыймыктанабыз”, — деп белгиледи министр.
Иш-чаранын жүрүшүндө сыйлыктарды тапшыруу болду. Алтынбек Максутов “Манас” эпосун изилдөө, жайылтуу жана сактоо иштерине салым кошкон инсандарга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгилерин тапшырды.
Өзгөчө көңүл жаштарга жана эл аралык диалогго бурулду: сегиз улуттун өкүлдөрү “Манас” эпосунан үзүндү аткарып, манасчылыктын уникалдуулугун жана жалпыга таандык баалуулуктарын көрсөтүштү.
Майрамдык программа “Манас бүгүнкү күнгө чейин” аттуу кыска метраждуу тасма менен уланды.
Иш-чаранын соңунда “Акмарал” мамлекеттик бий ансамбли жана башка чыгармачыл жамааттар катышкан концерттик программа тартууланды.