Филармонияда Композиторлор Союзунун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт өттү

Декабрь 5, 2024 - 18:15
Декабрь 9, 2024 - 18:17
 29

Бүгүн, 5-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Композиторлор Союзунун 85 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу концерт өттү. Бул маанилүү иш-чара өлкөнүн көрүнүктүү маданият, музыка жана искусство ишмерлерин бириктирди.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Композиторлор Союзунун башкармалыгынын төрагасы Турдубек Чокиев катышты.
Министр Алтынбек Максутов өзүнүн куттуктоо сөзүндө кыргыз композиторлорунун улуттук музыкалык маданиятты калыптандыруудагы зор салымын белгилеп, алардын чыгармачылыгы элдин руханий мурасы менен айкалышканын баса көрсөттү. “Композиторлор Союзу 85 жыл бою биздин музыкалык салтты өнүктүрүүдө негизги роль ойноп келет. Алардын чыгармалары – бул Кыргызстан үнү, биздин жүрөгүбүздө да, дүйнөлүк аренада да жаңырып турган үн”, – деп белгиледи министр.
Министр Алтынбек Максутов музыкалык чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнө министрликтин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырып, алардын искусствого берилгендиги жана улуттук музыкалык маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын өзгөчө атмосферасын алдыңкы музыкалык коллективдердин чыгармалары коштоду:
• А. Жумакматов атындагы Академиялык симфониялык оркестр (көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру – Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахат Осмоналиев);
• А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын хору (көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру – Кыргыз Республикасынын эл артисти Карагул Тиленчиев);
• филармониянын камералык хору (көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру – Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлбара Маматова);
• А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын солисттери.