Маданият министрлиги Радио жана телекөрсөтүү күнүнө карата ЖМК өкүлдөрүн сыйлады

Декабрь 6, 2024 - 18:24
Декабрь 9, 2024 - 18:25
 23
Маданият министрлиги Радио жана телекөрсөтүү күнүнө карата ЖМК өкүлдөрүн сыйлады
Маданият министрлиги Радио жана телекөрсөтүү күнүнө карата ЖМК өкүлдөрүн сыйлады
Маданият министрлиги Радио жана телекөрсөтүү күнүнө карата ЖМК өкүлдөрүн сыйлады
Маданият министрлиги Радио жана телекөрсөтүү күнүнө карата ЖМК өкүлдөрүн сыйлады
Маданият министрлиги Радио жана телекөрсөтүү күнүнө карата ЖМК өкүлдөрүн сыйлады
Маданият министрлиги Радио жана телекөрсөтүү күнүнө карата ЖМК өкүлдөрүн сыйлады
Бүгүн, 6-декабрь күнү, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 8-декабрь күнү белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Телерадио күнү урматына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады. Алар улуттук журналистиканын өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн бааланды.
Көбүнчө кызматкерлерлер “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланышса, кээ бирлерине министрликтин "Ардак грамотасы" ыйгарылды.
Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тапшырды.
“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйлангандар:
• Жабуева Айнура Шаршегуловна –“ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Маданият” бөлүмүнүн башчысы;
• Жакыпов Токтосун Төлөбалдиевич – Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “УТРК Нарын” телеканалынын 1-категориядагы режиссеру;
• Жумагулова Ширин Аалиевна – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун директору;
• Курманбекова Бермет Курманбековна –Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын кабарчысы;
• Майрамбек уулу Урмат – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу;
• Рыскелдиев Чынгыз Алмазбекович – Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “УТРК Замана” студиясынын алып баруучусу;
• Чойбеков Нурлан Кубандыкович –Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “УТРК Ысык-Көл” телеканалынын телеоператору;
• Эсенбаева Зарина Дамирбековна – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин медиаборборунун жетекчиси, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын баяндамачысы;
• Жолдошбай кызы Жылдыз – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынын сектор башчысы;
• Оторбаев Кубат Табылдиевич – акын, “Азаттык Медиа” мекемесинин башкы телепродюсери;
• Жанузаков Аскат Жолдошбекович – “МИР” МТРКнын кабарчысы;
• Өсөров Данияр Дүйшөнкулович – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси;
• Шаикова Чолпон Кавылбековна –Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Чүй облустук телерадиокомпаниясынын экс-директору;
• Кудайбергенова Клара Сабыровна – Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Чүй облустук телерадиокомпаниясынын редактор-баяндамачысы.
Мындан сырткары, "Ардак грамота" менен “Медиа Китчен” ЖЧКнын оператору жана коюучу режиссеру Асымов Алымбай Жумагазиевич сыйланды.
Министрлик телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт жана коомду маалымдоо жана бириктирүү боюнча эмгеги үчүн ыраазычылык билдирет.
Маалымат үчүн:
Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү 1995-жылы 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан расмий түрдө негизделген жана биринчи жолу 1996-жылы белгиленген.