28-29-июнь күндөрү Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда “Кыргыз даамы”, “Кыргыз шырдагы” фестивалы жана кыргыз курөш боюнча “Хан-Кошой” эл аралык мелдеши өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо, облус башчысынын орун басары Адыл Сапаров, райондун акими Эмилбек Абдыкадыров, республиканын бардык аймактарынан келген коноктор күбө болушту.
Фестивалда райондогу айыл аймактардын ордолору уюшулуп, улуттук нукура азык-түлүктөрүн, унутта бараткан тамак-аштарын сынакка коюшту. Ал эми жети дубандан келген кол өнөрчүлөр, өз аймактарында өзгөчөлөнүп жасалган шырдактарын, кол эмгектерин алып келип, элдин, калыстардын сынына коюшту. Ошону менен катар Казакстан, Өзбекстан жана өлкөбүздүн балбандары күрөштөн күч сынашса, жаачылар, сүрөтчүлөр дагы өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Иш чара алгач манастан үзүндү айтуу менен башталып, андан соң кыргыз шырдагынын даярдоону, улуттук азыктарынан нандын, кымыздын жасалышы, казан асуу, устукан тартуу маданияты сахналаштырылып көрсөтүү менен башталды.
Белгилүү төкмө акындар көчмөн кыргыз элинин маданиятын, улуттук азыктарын, кол өнөрчүлүгүн даңкташты.
Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө нукура маданиятты сактоо, кол өнөрчүлөрдү, дыйкандарды колдоо, ошондой эле аймактын позитивдүү имиджин калыптандыруу үчүн мындай фестивалдардын өзгөчө маанисин белгиледи. Ал мындай иш-чаралар улуттук биримдикти гана чыңдабастан, өлкөнүн тоолуу аймактарынын экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө стимул болоорун баса белгиледи.
Тамак аш, шырдак сынактарына атайын илимий изилдөөчүлөр, тарыхчылар, профессорлор, кол өнөрчүлөр жана бул тармакта тажрыйбасы мол калыстар дайындалып, сынактардын жыйынтыгын чыгарышты. Жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле чыныгы балбандар аныкталып, кур, диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Иш чаранын соңунда фестивалдын жалпы конокторуна концерттик программа тартууланды.