Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык концерт болуп өттү

Май 10, 2025 - 00:15
Май 10, 2025 - 15:38
 8

Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык концерт өттү.

Майрамдык концертте, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Ыбыкеев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Токтогул Рысалиев, Тилек Найманбаев, Элнура Муктарбек, Нуржигит Асанов ошондой эле белгилүү ырчылар Өмүрбек Андарбеков, Курал Чокоев, Ильяз Андаш, Аксай Мукамбет уулу, Талант Токомбаев, Ырыскелди Анаркул уулу, Элмира Таджиева, Элгиз Бейшенбаев, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хор коллективи, П. Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин хору, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Ч. Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестри өз өнөрлөрүн тартуулады.

Концерттин жүрүшүндө, Россия Федерациясынан чакырылган белгилүү эстрада жылдыздары Дима Билан, Тима Акимов, Татьяна Куртукова, “Radio Tapok” тобу жана кыргызстандык белгилүү ырчы Амирчик сахнага чыгып, репертуарындагы популярдуу ырларын аткарды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий өкүлдөр, концерттик программанын уюштуруучулары катышты.

Концерт дрон шоу менен жыйынтыкталып, шаар тургундары жана меймандар үчүн унутулгус майрамдык маанай тартуулады.

Аталган концерт жеңишке жетишкен ата-бабалардын эрдигин эскерүү жана жаш муунга патриоттук тарбия берүү максатында уюштурулду.

Белгилей кетсек, концерттик программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда “Жеңиш 9/45” кыймылы жана “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулду.