Бишкекке белгилүү вокалдык коуч Карина Купер келди

Март 31, 2025 - 19:42
Март 31, 2025 - 22:42
 36
Бишкекке белгилүү вокалдык коуч Карина Купер келди
Бүгүн, 31-мартта, Бишкекке дүйнөгө белгилүү вокалдык коуч, GRAMMY Recording Academy мүчөсү жана GrammyU ментору Карина Купер келди. Анын сапары өлкөнүн чыгармачыл чөйрөсү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

1-2-апрелде Бишкекте Карина Купердин эки күндүк уникалдуу мастер-классы өтөт. Катышуучулар үн жана дем алуу техникасы боюнча алдыңкы методикалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул – музыкалык индустриянын алдыңкы артисттери менен иштеген дүйнөлүк эксперттен билим алуу уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Мастер-класс профессионалдуу вокалисттер үчүн гана эмес, актёрлор, теле-жана радиожурналисттер, педагогдор үчүн да пайдалуу болот.

Аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурууда.

Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.